У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Талапкер Өмүрбек Бакировдун өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелүүдө


Ноокат районунда добуш сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалым болгондой, 7-ноябрда №4 бир мандаттуу Көк-Жар шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы үгүт иштеринде жергиликтүү тургундарга таза суу жана айылдыгы жолду оңдоого убада берген. Алар 9-ноябрга караган түнү 57 жаштагы жергиликтүү тургунга таандык курулуш кампасына талапкердин атынан 149 миң сомдон ашык суммага 30 тонна цемент алып келишкен.
 
«Үгүт штабынын жетекчиси Г.Х. жана шайлоо участогунун төрагасы Н.Ф. жергиликтүү тургундарды чогултуп, алардын жардамы менен кампага цемент түшүрүшкөн. Жергиликтүү тургундарга цемент депутаттыкка талапкердин атынан алынып келингени айтылып, алар шайлоо күнү ага добуш берүүгө үгүт иштерин жүргүзүшкөн», - деп белгилешти ШИИБден.
 
Аталган башкармалык тергөө иштери КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмышка шериктеш болуу» жана «Добуш сатып алуу» беренелери боюнча жүрүп жатканын баса белгиледи. Мындан тышкары, арыз ээсинин өкүлдөрү Кылмыш-жаза кодексинин «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча жосунсуз жоруктарды жасаган деп шектелүүдө. Аларга кылмышка шектүү катары билдирүүлөр берилип, иш материалдары сотко жөнөтүлдү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter