У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Авиация агенттиги: Президенттик учак эскирип, көп чыгымды талап кылууда


Президенттин чет өлкөлүк каттамдар үчүн колдонгон №1 (Ту-154) учагы эскирген. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирди.
 
«Жарандык авиация департаменти чарбалык субъект эмес. Учакты алмаштыруу керекпи же жокпу айта албайбыз. Бирок №1 аба кемеси эскирген, бул факт. Жыл сайын аны тейлөөгө көбүрөөк чыгым талап кылынат. Ал кеминде дагы бир жыл зарыл талаптарга жооп берет. Учакты алмаштыруу боюнча маселени аны иштеткен авиакомпания жакшы билет», - деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
 
Эске салсак, мамлекет башчысы Садыр Жапаров ноябрдын башында Глазгодо өткөн Глобалдык климаттык форумга жеке учак менен барган. Өлкө башчысын ташыган №1 борт Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, жеке учак менен барууга арасыз болгону айтылган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter