У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК 15 гезитке шайлоо бюллетендерин толтуруу эрежелери тууралуу маалыматтарды жарыялады

 
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине ылайык шайлоочуларга көрсөтүлгөн, катталган талапкерлер жөнүндө, талапкердин жана саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы финансылык отчеттору жөнүндө маалымдоону Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат.
 
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жоопкерчилигинин алкагында бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлигин көрсөткөн талапкерлер жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө шайлоочуларга жалпы маалымдоону уюштурду.
 
Саясий партиялардан 1 015 талапкер жана бир мандаттуу округдар боюнча 296 талапкер жөнүндө маалыматтар жарыяланды. Талапкерлер жөнүндө маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт: фото сүрөт, программа, ураан, туулган датасы, иштеген жери жана ээлеген кызмат орду, штаб менен байланышуу жөнүндө маалымат.
 
Маалымат 150 миң нускадагы жалпы тираж менен 12 облустук гезитке жана “Эркин Тоо” гезитине жайгаштырылды. Шайлоочуларга санитардык ченемдер жөнүндө маалымат берилди.
 
КР БШКнын маалыматтык ресурсу – https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/parliamentary/ бөлүгүнөн талапкер жөнүндө маалыматты көрсө, талапкерлердин жана саясий партиялардын  программалары менен онлайн таанышса болот. Ресурста буга кошумча шайлоо фонддору   жөнүндө маалыматтар – кимден канча каражат түшкөнү, талапкер же партия канча каражатты эмнеге жумшаганы жөнүндө маалыматтар жайгаштырылды.
 
Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясы ошол эле гезиттердин атайын чыгарылыштарында, ошондой эле “Эркин Тоо”, “Для Вас” жана “Супер инфо” гезиттерине жаңы аралаш шайлоо тутуму, шайлоо участогунда добуш берүү жол-жобосу жана шайлоо бюллетендерин толтуруу эрежелери тууралуу маалыматтарды жарыялоону уюштурду.
 
Ошондой эле саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча 2 494 шайлоо участогунун ар бирине төрт плакаттан бөлүү эсеби менен 10 200 плакат жана 36 бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер боюнча 9 956 плакат мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалды.     
 
Добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келип, шайлоочу участоктордо илинген ушул плакаттар аркылуу талапкерлер менен таанышса болот.
 
Ар бир кабинада округ боюнча талапкердин бюллетендердеги номерин, партиянын номерин жана ар бир партиянын тизмесиндеги конкреттүү талапкерди тактоо үчүн  талапкерлер жана партиялардын талапкерлеринин тизмелери тууралуу маалыматтар менен маалымдамалар коюлат.
 
Талапкерлердин телекөрсөтүүдөгү дебаттары жана жеке чыгып сүйлөгөн сөздөрү депутаттыкка талапкерлер тууралуу маалыматтардын маанилүү булагы болуп саналат. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин дебаттары жана жеке чыгып сүйлөгөн сөздөрү – облустук телеканалдарда, Бишкек шаарындагы талапкерлер үчүн 5-каналда өткөрүлөт.    Партиялардын ортосундагы дебаттар борбордук телекөрсөтүүдө – КТРК жана ЭлТР каналдарында өткөрүлөт. Дебаттардын графигин https://shailoo.gov.kg/kg/news/5882/ шилтемеси боюнча көрсө болот.
 
Шайлоо процессинин бардык этаптарынын эрежелери, добуш берүү, добуштарды саноо жол-жобосу же санитардык ченемдер жөнүндө маалыматттарды КР БШКнын төмөнкү Youtube-каналындагы видеороликтерди көрүп, алса болот:
 
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter