У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: Кыргызстанда кол тийбес адам жок…


Ар бир кылмышкер саясий жана социалдык статусуна карабай жазаланышы керек Бул тууралуу президент Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо учурунда айтты.
 
Анын айтымында, реформанын алкагында тергөө институту кайрадан прокуратурада пайда болот.
 
«Прокуратуранын тергөөчүлөрү эң күчтүү адистердин бири. Ар дайым калыс болгула, кылмышкер сөзсүз жазаланууга тийиш. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болсун, социалдык же саясий абалына карабагыла. Кол тийбес деген түйшүнүккө мен жол бербейм”, -деди мамлекет башчы.
 
Ал кошумчалагандай, тергөө менен келишим деген түшүнүктү жоюуну туура деп эсептейт.
 
«Тергөө менен келишим алынып салынды. Жаңы кодекстерди иштеп чыгууда адам укуктары сакталат. Бул кодекстер прокурорлор үчүн да, бийлик органдары үчүн да эң ыңгайлуу болуп саналат. Анан менин мөөнөтүм бүтөт, сен да пенсияга чыгасың. Андыктан келгиле баарын нөлдөн баштап, өлкөнүн жана коомдун жыргалчылыгы үчүн иштейли!” – деди Садыр Жапаров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter