У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Илим Карыпбеков инстаграм баракчасындагы 260 миӊ катталуучусуна бирден айфон бермей болду…


Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кечээ «карантин 33-апрелге чейин узарат» деп жаӊылып айтып алып, коомчулуктун шакабасына калды. Айрымдар, кызылдай тилдешсе, кээ бирлер какшыктап келеке кылышты. 

Бир кезде таянеси менен улам-улам маек кылып инстаграм баракчасына чыгарчу Илим Карыпбеков бул жолу саясатчыларды какшыктап, келеке кылган постторду көп жаза баштады.

Өткөндө Курманкул Зулушевди референдум боюнча сөөгүнө жеткире какшыктады эле, бул жолу Саламаттыкты сактоо министри Абдикаримовду бутага алыптыр. 

Карыпбековдун инстаграм баракчасына жазган какшыгын өзгөртүүсүз беребиз.
- Достор, силер болгону 260 000 эле экенсиңер мага жазылган. Эми бул көп деле киши эмес. Эсимден чыгып кетиптир жакында туулган күнүм, анан өлюям кетсин деп баарыңарга бирден жаңы айфон берейин деп чечтим ыйолкиники десе. Дагы жакшы бүгүн жаңы саламаттыкты сактоо министри эстетип калбадыбы. Унутуп калмак экенмин кашайып. 38-чи апрел туулган күнүмдү күткүлө, менден ар бириңерге бирден жаңы айфон, - деп жазды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter