У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров Кыргызстанды болуп көрбөгөндөй өзгөртүп, өнүктүрүп жатат

         
           Мен Садырды алгычкы депутаттыкка шайланып турганынан бери билем, ал шайлоого чала-була катышкам…
 Садыр бийлик менен кармашып, түрмөгө түшүп турган учурунда журналисттик кылып жазып колдогон эмесмин…  Садырдын бир тууган агасы Сабыр менен жакшы мамилебиз бар болчу… Садыр президенттикке шайланып жатканда аны колдоп шайлоого да барган жокмун, «Садырды шайлап койгула» деп бир ооз сөз айтпадым. Мен анын 70 пайыздан кем эмес добуш аларын жакындарыма айтканым бар. Жалпы эл аны колдорун көрүп турбадык беле… Колдогондо да буга чейин эч кимди колдобогондой колдошту да-шайлоодо 78 пайыз таза добуш алганы кыргыздын жаӊы тарыхы болуп калды окшойт! Мен ошого жаман таӊкалдым- тим эле Садыр келип бүт элдин башын айландырып алгандай эле болду! Оппоненттери не кылар айласын таппай жер тээп турушту го?! «Жакшы» тебишти,   буттары сынгыча дейинчи!..

            Садыр президент болуп шайлангандан кийин коомубузду «чакчелекейин» чыгарды!  Сансыз өзгөрүүлөр биринин артынан экинчиси кетти, ээнбаш жүргөн далай кызматкерлердин жаны көзүнө көрүндү окшойт! Ошол таккескен кылып өзгөрткөн нерселеринин баары элдин кызыкчылына төп келчү нерселер болуп чыкты! Кылымдар элдин көӊүлүндө жүргөн накта көӊтөрүш…, төӊкөрүш…, ыӊкылап…, революция… дегенди  Садыр деген эр жигит жасап салды! Айта кетпесе болбос: элдин жанына баткан коррупционерлердин «Кудайга үнүн жеткирип» жатат, баары тегиз кусуп жатат! Дагы толгону ичи өтүп, кудай анын бетин ары кылсын, тим эле «шатырактатып» жатат, ит көрсүн аларыӊдын күнүн!.. 

            «Садыр эч несрсени өзгөрткөн жок» деген өтө эле былжырак кепти угуп жатабыз. Аларды айткан «чычкандар», «келемиштер», «түлкү-пүлкүлөрдү…» Садыр жигит жуккан бокчо көрбөдү! Жеке мен ошолорго «жебегилечи!» деп бир ооз сөз менен жооп берсем деле болмок,  бирок антпей, Садыр жигит алып көлген мыкты иштеринен аздап айта кетейин, ал   кээ бир шүмүрлөргө жакшы жооп болот дедим …

            …Биринчи айтарым, Садыр түрмөдөн чыгып эле чагылгандай чарк этти да элди көтөрдү, бийликти колуна алды, ошондо ал жигит «кызыл өрт» болуп турду го!

 …Бийликтен кетип, «чала өлүккө» айланып турган мурунку президент Жээнбековду Садыр жигит чыныгы «өлүкүкө» айландырды! Президеттиктен кеткиси келбей, бийликте калуу үчүн  ар кандай амалды ойлоп, түлкүдөй жойлоп  жаткан Жээнбековду Садыр жигит «көчүккө таамай тээп» туруп кетирип салды! Ошондо вице-спикер Касымалиева баштаган далай жөнсүздөр кудайга үнү жете боздоп турду го!  Жээнбековго сооп гана болду! А жалпы эл денесине батпай кубанып турду!

            …Ондогон жылдар каныбызды кактап келаткан «Кумтөр» деген жети баштуу, жо-ок, сегиз баштуу желмогуздун башы кыя чабылды! Кылыч шилтеген Садыр жигит болду! Ошол канадалыктардан алып турган биздин бийликтегилер куза баштады, шымдары небак толгон! Кеч болсо да алтыныбызды өзүбүз алып жататбыз!

            …Баарынан дагы мамлекеттик башкаруубуз президенттикке өзгөргөнү элдин ажатын ачты го! Башкаруубуз парламенттик болуп, 120 депутат башкарууну 120… тараптан тытып, каалаган иштерин жасап жаткан кезде Садыр жигит сонун кылбадыбы! Тим эле кыт куйгандай кылды! Депутаттар министрлерди жана башка жетекчилерди каалагандай башкарып, анысына алчусун алып, жакындарын кызматтарга орноштуруп, билмексенге салып бизнестерин жасап, чогулуштарга кааласа барбай коюп, акчаны арбын алып, толгон-токой жеӊилдиктерге ээ болуп, айтар, көөп жашашты да! А бирок, эч кимиси бир орчун иш бүтүрбөдү, бир ишке да жооп бербеди, ичип-чычканы эсеп болуп жүрдү да?! Азыр баарына Садыр жигит жооп берет! Көпкөндөрдү кынына киргизди го! Эми алардын көпкөндөрү көчүгүнөн чыгат!

            …Садыр жигит шайлоонун чирип бүткөн тулкусун тамырынан бери өзгөрткөн жатат, сонун кылып өзгөртөт. Ага акылы, күч-кубаты жетет! 

            Садыр өтө курч жигит. Ал башкалардай болуп эзилип отурбайт, сөзүн шарт кесе айтат, «андай-мындай» деп чубап отурбайт! Накта эркек болуп курч жаралган жаны эми өзгөрүлбөс!  Ошондуктан азыр жасап жаткан иштери май кескен бычактай кетип жатат!

            Мен жана мен окшогондор Садырга «андай иште, мындай иште» деп кеӊеш бере албайбыз. Анын кенедей да зарылдыгы жок. Садыр бийликти өз мээси менен ойлонуп колуна алды, өз мээси менен укмуштуудай өзгөртүүлөрдү жасап жатат, ага тоскоол кылбайлы! Ал дагы далай укмуш сонун иштерди жасайт! Жолу шыдыр болсун! Кудай өмүрүн берсин!

            Ушуну айта кетейин: 2012-жылы Садырдын бир тууган иниси Дөөлөтбек Жапаровдун «Кыянат. Ууланган Кумтөр баяны» аттуу 9 басма табак көлөмүндөгү китеби чыккан. Анда Кумтөр кенин канадалыктар каалагандай иштетип жатканы, Садырдын аларга каршы күрөшү документалдуу кылып баяндалат. Китеп 10 миӊ нускада басылган. Азыр Дөөлөтккө кеӊеш берер элем: ошол китепти дагы да чыгар, элге аябай керек.

Баратбай Аракеев
             
             
     


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter