У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мурдагы саламаттыкты сактоо министринин тууганы кармалды


 Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, ошондой эле фармацевтикалык компаниялардын жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык кошумча фактылары ачыкталганын УКМКнын басма сөз кызматы 15 -октябрда билдирди.
 
Маалыматка ылайык, мурдагы саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин жакын тууганы С.Ж.К. фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдогон. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал Дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дарыларды каттоону жана кайра каттоону тездетүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине пара берген.
 
Учурда Биринчи Май райондук соту С.Ж.К. тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин чыгарган.
 
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 13 -октябрдагы жыйынында мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жакындары «фармамафиясын» түзгөнүн айткан. 
 
Космосбек Чолпонбаев 2018-2020-жылдары Саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген.
 
2020 -жылдын 1 -апрелинде ал кызматтан алынган. 2020 -жылдын сентябрь айында ЖАМКнын кызматкерлери тарабынан шалаакылыкка жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалган.
 
Биринчи Май соту аны үй камагына чыгарган. Учурда кылмыш иши кайсы этапта экени белгисиз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter