У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзбекстандын премьер -министри Абудлла Арипов Акылбек Жапаровду куттуктады


Өзбекстандын премьер -министри Абдулла Арипов Акылбек Жапаровго Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
 
Өзбекстандын премьер -министри Акылбек Жапаровго өлкөнүн жетекчилиги жана парламенти тарабынан көрсөтүлгөн жогорку ишеним анын ийгиликтүү эмгек ишмердүүлүгүнө татыктуу баа берилгендигин күбөлөндүрөрүн белгиледи.
 
"Мен биргелешкен аракеттер менен өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу өзбек-кыргыз кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө жетишебиз деп ишенем",-деди ал.
 
Абдулла Арипов Акылбек Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter