У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лейлекте 840 миң сомдук жүктү мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды


Лейлек районунда чек арачылар чек арадан 840 миң сомдук мыйзамсыз жүк алып өтүп бара жаткан айдоочуларды кармады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
 
Анын айтымында, Сай аймагында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү айдоочу 400 килограмм жүгөрүнү Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Арка айылында эки жүк ташуучу унаа кармалып, андан 3,5 тонна лимон жана 3 тонна таттуулар табылды. Айдоочулар жүктү тиешелүү документтери жок Кыргызстанга ташууга аракет кылышкан.
 
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган товардын баасы 840 миң сомдон ашык болгон.
 
Протоколдор катталгандан кийин кармалган айдоочулар жана товарлар кошумча иликтөө үчүн тийиштүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter