У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин ата -энесине батир белек кылды


 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, 2020-жылдын октябрь окуялары учурунда каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсү – атасы Алтынбек Жуматаев жана эжеси Инаят Жээналиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Жолугушуу алдында Мамлекет башчысы Үмүтбектин арбагына багыштап Куран окуду.
 
Садыр Жапаров жаш жигиттин туугандары менен жакындарына дагы бир жолу көңүл айтып, ата-эне үчүн баланын ордун эч нерсе толтура албасын белгиледи. 
 
Президент октябрь окуяларынан көп өтпөй, Бишкек шаарынын мэриясына Үмүтбектин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү үчүн батир берүүнү тапшырганын, бирок маселе борбордук мэриянын айрым кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам кечеңдеп кеткенин кошумчалады. 
 
Мамлекет башчысынын бул тууралуу жакында эле маалыматы болуп, аталган кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган жана бүгүнкү күндө бардык маселелер чечилген. 
 
Ал Алтынбек Жуматаевге Бишкек шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
 
Президент Үмүтбектин үй-бүлөсүнө бакыт жана жаңы үйүндө жакшылыктарды каалап, ошондой эле кайрат жана сабыр тиледи.
 
Өз кезегинде Алтынбек уулу Үмүтбектин жакындары Мамлекет башчысына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.
 
Президент Садыр Жапаров менен жолугушуудан соң, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев каза болгон жаш жигиттин үй-бүлөсүнө жаңы батирин көрсөттү.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter