У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстан Өзбекстан менен Ооганстанга электр энергиясын экспорттоону кыскартты


 Тажикстан Ооганстан менен Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону кыскартып, Кыргызстанга электр энергиясын сата баштады. Бул тууралуу өлкөнүн энергетика тармагынын маалыматтарда айтылат.
 
Октябрь айынын башынан тартып Оогансиан менен Өзбекстанга 220кВ-500кВ болгон жогорку чыңалуудагы зымдар аркылуу электр энергиясын жеткирүү токтотулду.
 
Афганистан менен Өзбекстан тажик электр энергиясын 110кВ болгон төмөнкү чыңалуудагы зымдар аркылуу алууда. 3-октябрда Ооганстанга 660 миң кВт/саат, Өзбекстанга 827 миң кВт/саат экспорттолгон.
 
Ошол эле учурда жаз-жай мезгилинде Өзбекстанга болжол менен 1,5 миллиард кВт.саат электр энергиясын экспорттоо пландаштырылган. Ушундай эле сумманы Ооганстанга жеткирүү пландаштырылган.
 
Муну менен бирге Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын сата баштады. Бул Токтогул суу сактагычында суунун азыдыгы себеп болууда.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter