У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшырат


Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазган. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, ал 4 -октябрда Аймактык шайлоо комиссиясына арыз жазган. Ташиев мандатын тапшыруусунун себебин айткан эмес. Ошондой эле 28-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу планы жок экенин билдирген.
 
Эске салсак, Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешине "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясынан шайланган. 
 
Ал 1994 -жылы 25 -январда туулган жана «Томас и Ко» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter