У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана 1 млн. доза вакцина берүүгө даяр


 Президент Садыр Жапаров кечээ, 16-сентябрда, Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Жолугушуу Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммитине жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышуу үчүн иш сапары менен жүргөн Душанбе шаарында өттү.
 
Жолугушууда коопсуздук жана коргоо, соода-экономикалык кызматташтык, инвестиция тартуу жана башка тармактарда Кыргызстан менен Кытайдын достук жана ынак коңшулаштык мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
 
«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча маселени талкулоодо Президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле улуттук маанилүү долбоор эмес, жалпы эле регион үчүн маанилүү экенин жана кыргыз тарап бул багытта активдүү диалогду улантууга даярдыгын белгиледи.
 
Өз кезегинде Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо иретинде Кыргызстанга 650 млн юань (100 млн АКШ доллары тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын белгиледи. 
 
Ошондой эле Кытай өкмөтү коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 млн доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди.
 
Мамлекеттик кеңештин мүчөсү кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди.
 
Ал Садыр Жапаровдун эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу менен эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын жандантуу зарылдыгы туурасында пикирин колдоду.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter