У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Динара Кемелова Кыргызстандын Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалды


 Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын Вьетнамдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Эске салсак, 2019 -жылдын январь айынан бери ал Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси болуп иштеп келет.
 
Динара Кемелова 1971 -жылы 24 -июлда төрөлгөн. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин эл аралык укук бөлүмүн бүтүргөн.
 
1995 -жылдан бери Тышкы иштер министрлигинде эмгектенип келген. 2015-2019-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter