У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Уристем Манапов президенттин Оштогу өкүлүнүн орун басары болду


 Манапов Уристем Ибраимович президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
 
У.Манаповду бүгүн, 14-сентябрда Ош шаарында өткөн педагогикалык жыйында президенттин Оштогу өкүлү Зиядин Жамалдинов тааныштырды.
 
Манапов 1976-жылы 3-октябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.
 
Билими:
 
- 1993-1996- Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи;
 
- 2005 - Кыргыз -Өзбек университети, "бухгалтер" адистиги;
 
- 2014 - Ош мамлекеттик юридикалык институту;.
 
Эмгек ишмердүүлүгү:
 
- 1996-1999 - Ош шаардык салык кызматынын инспектору;
 
- 1999-2002 - салык кызматынын Ош облустук башкармалыгында салык полициясы;
 
- 2006-2012 - Ош шаардык мамлекеттик финансылык полиция башкармалыгы;
 
- 2012-2016 - Мамлекеттик салык кызматы;
 
- 2016-2021 -жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын сектор башчысы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter