У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда уранды иштетүү кайра каралууда…


Кыргызстанда уранды кайра иштештүү маселеси кайра каралууда. Бүгүн күндө уранды иштетүү боюнча майзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.
 
Анын айтканына караганда, Кыргызстанда уран менен торий казууну мамлекеттик компаниялар жүргүзөт. 
 
«Мыйзам долбоору иштелип чыгып коомдук талкууга коюлду. Долбоор менен таанышып чыксаӊыздар болот. Эгер кодекс кабыл алынса, анда айрым беренелер өзгөртүлөт. Уранды казууда коопсуздук маселесин көзөмөлдөй турган регламент болот”, - дейт ал.
 
Ошол эле учурда Тилек Айталиев азырынча уран же торий кендерин иштетүү боюнча долбоорлорго инвестиция салууну каалаган инвесторлор жок экенин белгиледи.
 
Эске салсак, 2019-жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү долбооруна каршы митингдер өтүп, жыйынтыгында уран казууга лицензияны жокко чыгарууга алып келген жана Кыргызстанда уран жана торий кендерин чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter