У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Октябрда ысык суу, жылуулук жана электр энегриясына жаӊы тарифтер киргизилет

 
 Октябрь айынан тартып жылуулук, ысык суу жана электр энергиясына болгон жаӊы тарифтер киргизилет. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев бүгүн, 14 -сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
 
«2021-2025-жылдарга электр энергиясынын жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын долбоору жаз айынан бери коомдук талкууда болду. Учурда документ президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин аппаратынын кароосунда турат. Биз бул документке кол коюуну күтүп жатабыз.
 Жакын арада кол коюлат. Эгер документке октябрь айында кол коюлса, ушул айдын аягында электр энергиясына, ысык суу жана жылуулукка жаӊы тарифтер киргизилет», - деди ал.
 
Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-2025-жылдарга электр энергиясынын жаңы орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын долбоорун иштеп чыккан.
 
Ага ылайык, тарифтер төмөндөгүдөй бекитилген:
1. Тариф 1 кВт саатка 0,77 сом бойдон калат. Айына 700 кВт сааттан ашык керектөө үчүн 2,16 сомду түзөт.
 
2. Бийик тоолордо жана алыскы аймактарда жашаган тургундар үчүн электр энергиясын колдонуу ченеми белгиленбейт. Турмуш-тиричилик керектөөчүлөрүнүн ушул категориясы үчүн тариф жыл аягына чейин 0,77 сом/кВт саатты түзөт.
 
Насостук станциялар үчүн: Калкты ичүүчү суу жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыз кылган, ошондой эле канализация тутумунун муктаждыктары үчүн пайдаланылуучу насостук станциялар үчүн электр энергиясына тарифи 1,09 сом/кВт саат (салыктарды эске албаганда) белгилөө сунушталды.
 
Электр транспорту, интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер, ошондой эле диний уюмдар үчүн 1,68 сом/кВт саат тарифти белгилөө сунушталууда (салыктарды эске албаганда).
 
Өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр үчүн 2,52 сом/кВт саат (салыктарды эсепке албаганда) деп белгилөө сунушталууда. Майнинг субъектилери (криптовалюта), алтын казуучу ишканалар, темирди электротермикалык иштетүү үчүн куюучу жана эритүүчү цехтер жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү ишканалар үчүн 5,04 сом/кВт саатты (салыктарды эсепке албаганда) түзөт.
 
Цемент заводдору үчүн: Цемент продукциясын өндүрүү боюнча өнөр жай ишканалары үчүн электр энергиясынын тарифи 3,28 сом/кВт саатты түзөт (салыктарды эсепке албаганда).


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter