У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанар Акаев: Орозайым Нарматованын күч менен кармалышы бийликке абийир алып келбейт


 
Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев активист Орозайым Нарматованын кармалышын сынга алып, анын тез арада бошотулуусун талап кылды. Ал бул тууралуу фейсбуктагы баракчасына жазды. 
 
«Оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын милиция тарабынан кармалышы чектен чыккан иш болду. 
 
Жалгыз агасын жоготуп, кан жутуп, мекенине келген кызды аэропорттон кармап, күч менен алып кетишкени эч бир салтка, адамгерчиликке жатпай турган көрүнүш. Ал коркунучтуу кылмышкер эмес. Орозайым жаш экенине карабай кайсы бийлик болбосун өз оюн эркин айтып, позициядан тайбаган эр жүрөк атуул. 
 
Кыргызстанда миллиондогон коррупциялык иштерге шектелгендер ээн-эркин сайрандап жүргөндө активисттин "жети түндө" аэропорттон күч менен кармалышы укук коргоо органдарына, бийликке абирий алып келбейт. 
 
Орусияда миллиондогон мигранттар сыяктуу эмгектенип жүрсө да мекениндеги окуяларга кайдыгер карабаган Орозайым Нарматовага өз өлкөсү, өз элинде мыйзамсыз мамилени ачык айыптайм. 
 
Жогорку Кеңештин депутаты катары күч органдарынан кеңири түшүндүрмө жана Орозайым Нарматованы тез арада бошотууну талап кылам!»-деп жазды Акаев. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter