У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


65 чартердик рейс аткарылган. Кыргызстанга Пакистандын үч шаарынан 12 миң адам келген


 «Азыр Кыргызстанда канча чет өлкөлүк жаран обсервацияда жатат»,-деп сурады депутат Бейшеналы Нурдинов 7 -сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт боюнча комитетинин жыйынында. 
 
«Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеев Исламабад, Лахор, Сиалкот шаарларынан 65 чартердик рейс аткарылганын маалымдады. 
 
Бардык жүргүнчүлөр туристтик виза менен келишкен.
 
«Биз эч кандай чектөө кое албайбыз. Аэропорт учактарды тейледи. 12 миңге жакын жүргүнчү келди, буга чейин өлкөдөн чыгып кеткендер бар», - деди ал.
 
ЖКнын депутаты Нурдинов келген жүргүнчүлөрдүн арасында террористтер же коронавирус менен ооругандар болушу мүмкүн экенин айтып, ошондуктан, аларды обсервациядан чыгарбоону сунуштады.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter