У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан жыл башынан бери 9917 пакистандык жаранга электрондук виза берген


 Пакистандан келген туристтер Кыргызстанга электрондук виза менен келишет. Бул туурасында Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев 7 -сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, анкетаны толтургандан кийин 5 күндүн ичинде УКМК виза берүү өтүнүчүн текшерет жана кирүүгө уруксат берет же бербейт. УКМКнын уруксатынан кийин Консулдук кызмат департаменти тастыктайт.
 
Консулдук кызмат департаментинин маалыматы боюнча, 1 -январдан 1 -сентябрга чейин 9 917 пакистандык жаранга электрондук виза берилген. 
 
«Пакистандын жарандары Кыргызстанга туристтик виза менен келгендиктен, алар бул жерде бир ай тура алышат. Алар каттоодон өтүшпөйт. Чек ара кызматы киргенде жана чыкканда гана мөөр басат», - деди тышкы иштер министринин орун басары.
 
Анын айтымында, ТИМ коомчулуктун пикирин жана коопсуздукту эске алуу менен Пакистан жарандарына виза берүүнү токтотту. Пакистан менен Индиянын жарандарына бир жумадан бери виза бериле элек. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter