У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Талибан» кыймылы Панджшер провинциясын толук ээлеп алганын ырастоодо


Ооганстандын Панджшер провинциясы толугу менен «Талибан» кыймылынын көзөмөлүнө өттү. Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлү Забиулла Мужахид билдирди. 
 
"Душмандын жалданма аскерлеринин акыркы чеби Панжшер провинциясы толугу менен басып алынды. Акыркы мезгилде өлкөдө толук коопсуздукту камсыз кылуу аракеттери да натыйжа берди жана Панджшер провинциясы Ислам Эмиратынын толук көзөмөлүнө", - деп айтылат Мужахиддин билдирүүсүндө.
 
Ал кошумчалагандай, козголоңчулардын айрымдары жеңилүүгө дуушар болушса, калгандары качып кеткен. Талибдер Панджшердин жашоочуларын кысымга албай тургандарын айтышты.
 
Августтун башында талиптер америкалык аскерлер чыгарылып кеткенден кийин Ооганстандагы өкмөттүк күчтөргө каршы массалык чабуул баштаган. 15 -августта «Талибан» кыймылы Кабулга кирип, президенттик сарайды көзөмөлгө алышкан.
 
Алардын көзөмөлүндө болбогон бир гана борбордун түндүк -чыгышындагы Панджшер провинция болгон.
 
Апта башында Талибандын өкүлү Билал Карими аймак кыймылдын көзөмөлүнө өткөнүн айткан.
 
Бирок, кийинчерээк Салех бул билдирүүлөрдү четке кагып, каршылык уланып жатканын, ал өлкөдөн чыкпаганын жана Панджширде калганын баса белгилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter