У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карганбек Самаковдун кылмыш иши токтотулду


Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти. 
 
Маалыматка ылайык, февраль айында Жогорку Сот мурунку инстанциядагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти жаңы кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөткөн. Ушул жылдын июль айында Башкы прокуратура айыптоодон баш тарткандан кийин Октябрь райондук соту ишти токтоткон. 2-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди колдоду.
 
ЖКнын мурдагы депутаты Карганбек Самаков 2017-жылы «Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган» деп айыпталып 10 жыл эркинен ажыратылган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Ал 2019-жылы абактан бошотулуп, үй камагына чыккан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter