У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кумтөрдө карьерде суу топтолууда. Ал катастрофалык кесепетке алып келиши мүмкүн


 Канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясы Кумтөр кениндеги борбордук карьерде суу топтолуп жатканын, ал кендин өзүнө жана анда иштеген жумушчуларга «катастрофалык кесепет алып келиши ыктымал» экенин жарыялады. Бул тууралуу Mining.com басылмасы канадалык компаниянын билдирүүсүнө таянып билдирет.
 
Маалыматта, Кыргызстандын өкмөтү башкарып жаткан акыркы үч айда карьер 25 жылдан ашык канадалык компаниянын көзөмөлүндө болгонуна караганда көбүрөөк сууга толуп кеткен. Ишкананын 25 жылдык тарыхында эч качан мындай болбогону, учурда карьерде кеминде 40 метр суу бар экенин жана бул маселени тезинен чечүү керектигин билдирген.
 
«Карьерге суу толуп, четтеринен өтө көп суу агып жатат» деп айтылат «Центерранын» билдирүүсүндө.
 
Канадалык тоо -кен компаниясы кендин коопсуздугу жана эксплуатациялык маселелерди чечүү үчүн тез арада чара көрүү зарыл деп эсептейт.
 
"Бул олуттуу көйгөй, бардык кырдаал карьердеги суудан гана эмес, мөңгүлөрдүн ээришинен да көз каранды. Мөӊгүлөрдүн ээриши калдык сактоочу жайга коркунуч алып келиши мүмкүн. Кыргызстандын өкмөтүнүн бул маселени чечүүгө мүмкүнчүлүгү жана акчасы жок",-  деди «World Mine Tailings Failures» организациясынын директору Линдсей Ньюленд Боукер.
 
Билдирүүгө социалдык түйүндөрдөн алынды деген сүрөттөр жана видео тиркелген.
 
Ал эми «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк «Центерранын» бул билдирүүсүнүн калп экенин айтып, Кумтөр кени планга ылайык иштеп жатканын айтты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter