У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ТИМ: Кыргызстанга келген бардык пакистандыктар эмдөөдөн өтүшкөн


 Кыргызстанга келген пакистандык жарандар «Sinopharm», «AstraZeneca», «Pfizer» жана «Sputnik V» вакциналары менен өз өлкөлөрүндө дөөдөн өтүшкөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, Кыргызстанга кирген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде пакистандыктар, акыркы 72 саатта жасалган ПЧР тестинин жыйынтыктарын көрсөтүүгө милдеттүү.
 
Кыргызстандын аймагына келгенден кийин бардык чет элдиктер медициналык кароодон өтүшөт жана эгер клиникалык көрүнүштөр аныкталса, дароо изоляцияланышат жана медициналык мекемелерге жөнөтүлөт.
 
Кыргызстанда илдетти жуктуруп алгандардын ичинен 1 пайызы гана сырттан келгендер түзөт.
 
Пакистандын 25 жаштан 35 жашка чейинки жарандары жумуш издеп Кыргызстан аркылуу Бириккен Араб Эмирликтерине жана Сауд Арабия Королдугуна кетишүүдө.
 
Пакистандын жарандарына виза ачууда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан милдеттүү түрдө текшерүү жүргүзүлөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter