У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жээнбеков: Бүгүнкү күндө өтө кооптуу жана коркунучтуу кырдаал болуп жатат


 Мурдагы депутат, коомдук ишмер Жусупжан Жээнбеков президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. Кайрылууда ал Пакистандан, Ирандан, Ооганстандан келген жарандардын Кыргызстанда көбөйүп жатканына тынчсыздаганын билдирген. Билдирүүсүн ал фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Кайрылуу өзгөртүүсүз берилет. 
 
«Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Камчы Кыдыршаевич, бүгүнкү күндө өтө кооптуу жана коркунучтуу кырдаал болуп жатат!
 
Биздин жерде акыркы 1-1,5 айда аябагандай көп сакалчан-дамбалчандар көбөйүп кетти, анын үстүнө 25 жаштан 35 жашка чейиндер б.а. согушка, диверсияга жараган алдуу-күчтүү адамдар! (боеспособные) Булар кимдер, бала-чакалары жок???
 
Өзүбүздөн душман издебей жогоруда айтылган чет-элдиктер менен катуу күрөш алып-барып тез арада Мамлекеттин аймагынан чыгарбаса, ахыбал күндөн- күнгө оорлошот жана мамлекетибиздин тынчылыгына коркунучтуу!!!
 
Баткендегидей биз билгенбиз деп жүрбөгүлө..., эртең кеч болуп калбасын!!!»,-деп жазды ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter