У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ооган качкындары кайра митингге чыгышты


 Ооганстандан келген качкындар кайрадан Бишкекте нааразычылык акциясына чыгышты. Бул жолу алар БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдына чогулушту.
 
Алар АКШга, Канадага же Батыш Европа өлкөлөрүнө кетүү үчүн керектүү документтерди берүүсүн талап кылышууда. Митингчилердин айтымында, алардын арасында акыркы 20 жылдан бери Кыргызстанда расмий макамы жок жүргөндөр бар. Ал эми милиция кызматкерлери митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырышты.
 
Эске сала кетсек, буга чейин алар АКШ элчилигинин имаратынын алдында митингге чыгышкан. 18 -августта митингчилер БУУнун Кыргызстандагы кеңсесине чогулушкан. Алар Кыргызстандын жарандыгын берүүнү, же башка мамлекетке чыгып кетүү үчүн зарыл болгон документтерди берүүнү суранышкан.
 
23 -августта Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүүгө чектөө киргизди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter