У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда күйүүчү май бир айда 2-2,8 сомго кымбаттады


 Август айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
 
АИ -80 бензини 4 пайызга, АИ -92 - 5 пайызга, дизель майы - 4,4 пайызга кымбаттады. Жыл башынан бери күйүүчү майдын баасынын өсүшү бензинге 60 пайызды жана дизелге 40 пайызга чейин жеткен.
 
«Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баасынын жогорулашы 2021 -жылдын башынан бери россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун дүң сатуу баасынын жогорулашы менен байланыштуу. Июль айындагы келишимдер боюнча июнь айына салыштырмалуу россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун дүң сатуу баасы тоннасына 65 долларга чейин жогорулады»,-деп билдиришти Монополияга каршы мамлекеттик кызматтан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter