У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстандын тургундары Ак-Сай айыл округунун башчысын ур-токмокко алышкан


Тажикстандын Хожа-Ало айылынын тургундары Ак-Сай айыл округунун башчысы Алимбек Сабировду ур-токмокко алышкан. Ал маалыматты 24.kg агенттигине өзү тастыктаган.
 
Учурда ал аймактык ооруканада жатат. 

«Биз президенттин өкүлү менен биргеликте Таш-Тумшук шаарына талкаланган үйлөрдү текшерүү үчүн барганбыз. Жаздагы жаңжалда Тажикстандын тургундары үч үйдү өрттөп жиберишкен. Биз барганда Хожа-Алонун тургундары чогулуп, биздин ал жерде болгонубузга ачууланып, чагымчылдык кыла башташты. Мен Таш-Тумшукка көп барам, алар мени билишет. Элдин арасынан экөө мени көрсөтүп, мени ур-токмокко алышты. Алар машинамдын терезесин талкалап салышты. Азыр медициналык кароодон өтүү үчүн ооруканага келдим», - деди Алимбек Сабиров.
 
Облустук администрациядан билдиришкендей, 29-июлда саат 20.10до Баткендеги президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, мамлекет башчысынын облустагы өкүлүнүн орун басары Мурафхан Тулаев жана Ак-Сай айыл аймагынын башчысы Алимбек Сабиров Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта өрттөлгөн үйлөрдү карап чыгышып, андан ары Таш-Тумшук айылына барышкан.
 
Ыкчам териштирүү үчүн кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жолугушту. Анда тажик жарандарынын жат аракеттери боюнча маселе көтөрүлгөнү, Тажикстандын Исфара райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы кыргыз тарапка келтирилген материалдык чыгым төлөнөрүн жана таш ыргыткан адамга карата мыйзам чегинде чара көрүлөрүн убада кылганы маалымдалды.
 
Учурда чыр -чатактын алдын алуу үчүн Баткен жана Исфара райондорунун акимдери, ошондой эле облустук күч структураларынын өкүлдөрү жолугушууларды өткөрүп жатышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter