У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


MegaCom компаниясын Улуттук банк сатып алабы?..


Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров бүгүн, 29-июлда парламенттин отурумунда, буга чейин өкмөт MegaCom соода маркасындагы "Альфа Телеком" компаниясын сатууга бир нече жолу аракет кылгандыгын эске салып, учурда компания Улуттук банкка сатылышы мүмкүн экенин айтты.

Анын айтымында, 2016-жылы компаниянын активдери 19 миллиард сомго бааланган, андан кийин алар бааны 14 миллиард сомго түшүрүп, сата албай калышкан.
  
Депутат Улугбек Ормонов мамлекет компанияны эмне үчүн Улуттук банкка сатып жатканын түшүнбөгөнүн айтты.
 
"Улуттук банк MegaCom компаниясынын сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар потенциалдуу кардар катары каралууда", - деп кошумчалады Бакиров.
 
Депутат MegaCom компаниясынын сатылышына каршы экенин, сатыла турган башка кирешеси жок компаниялар жетиштүү экендигин кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter