У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Той-ашка тыюу салуу, «боёкчу, боёкчу десе атасынын сакалын боёптур» деген кеп…

 
Той-аштардагы ысырапкорчулукту ооздуктоого арналган “Үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору 22-июнда парламентте биринчи окуудан өттү. Жыйынга катышкан 86 депутаттын 83ү аны колдоду.

Мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлө салтанаттарына жана ырым-жырымдарга чакырылгандардын саны 100дөн ашпашы керек. Үлпөт тойго 200гө чейин адам катышып, бир күндүн ичинде аяктоого тийиш. Нике салтанатына үчтөн көп эмес жеңил автоунаа колдонулат.

Ал эми маркумду акыркы сапарга узатууда бодо мал союлбайт, бирок жаназага катышчу адамдардын саны чектелбейт. Өлгөндөн кийин аза күтүүгө 100дөн ашпаган адам чакырылып, бодо мал союуга тыюу салынат. Эрежелерди бузган жеке тараптар 17,5 миң сом, юридикалык жактар 55 миң сом айыпка жыгылат.

Мыйзамдын автору, депутат Улукбек Ормонов: "Биз мыйзам долбоорун даярдап жатканда байлар айып пулду төлөп коюп эле тойду каалагандай өткөрө берет деген сөздөр айтылган. Ошондуктан биз айыпты 100 миң сомго чейин көтөрүүнү демилгеледик. Бирок жаңы кодекстерде айып пул башкача көрсөтүлгөн экен. Биз ошого ылайыктап, экинчи окууда даярдап келебиз", - деп билдирди.

Бул жагдай коомдо кызуу талкууга алынып, көптөгөн сындар айтылды. Бул деген бирөөнүн чөнтөгүн аңдуу деген сөз. Мындай иштерди мыйза менен тыюу салып эмес, түшүндүрүү аркылуу ашыкча чыгымдарды кыскартуу зарыл.

Минтип кыргыздын салт-санаа, үрп-адатын күч менен тыюу, кыргыз улутунун өзөгүнө балта чабуу болуп санаалары шексиз. Анткени  той-аш аркылуу кыргыздын мамилеси, нарк-насили, карым-катышы жөнгө салынат.

Экинчиден, той-аш учурда өндүрүшү жок  өлкөнүн экономикасынын кыймылдаткыч күчү болуп турат. Дегенибиз, 3 миңден ашык тойкана иштейт. 10 миңдеген жумуш орундарын камсыз кылып, миллиондогон салык төлөйт.

Үчүнчүдөн, той-аш өткөргөндөр аркылуу бирөө жылксын сатып, бирөө суусундугун, бирөө жашылча-жемишин, бирөө татуусун соодалап, элде товар жүгүртүлөт, акча каражаты айланат. Ал эми той-аштын чыгымы карым-катыш аркылуу жабылат. Ал түгүл той ээсине пайда түшөт.

Ал эми той-аш өткөрүүгө чама-чаркы жетпегендер башкаларга атаандашып чыгымга учурабасын деген ниетти түшүндүрүү аркылуу нукка салган туура болот…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter