У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Ынтымак» партиясы Ошто добуш сатып алууга шектелип шайлоодон четтетилди


 Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 10-июлда өзүнүн жыйынында "Ынтымак" партиясын Ош шаардык кеӊешине кайра шайлоодон четтетти.  
 
БШКнын мындай чечим кабыл алуусуна "Жалпы иш" коомдук фондунун арызы негиз болду. Фонд Ош шаардык милициясы партиянын талапкерин добуш сатып алууга шектүү катары кармаганын, ага карабай Ош шаардык аймактык комиссиясы партияны шайлоодон четтетүүдөн баш тартканын билдирди. Ушундан улам алар бул чечимге каршы Боршайкомго кайрылган.
 
БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматтарына таянуу менен, 7-июль күнү Ош шаарында кылмышка шектүүлөр добуштарга пара алып жаткан жеринен кармалгандыгын билдирди.
 
Эске салсак, Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде төрт адам добуш сатып алууга шектелип кармалган. Алардын экөө талапкерлер болгон. Алардын жанынан 115 сом акча жана ошол көчөнүн жашоочуларын тизмеси табылган. Тергөө учурунда кармалгандардын бардыгы, ошондой эле талапкер Латиханов баш болгон «Ынтымак» партиясынын тарапташтары экени аныкталды. Бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 
 
Жолугушуу учурунда партиянын лидери Марлен Маматалиев сөз сүйлөп, окуядан кийин кармалган талапкер партия катарынан чыгарылганын, бирок сот аны бошотконун билдирди. Ал БШКнын мүчөлөрүнөн БШКнын жумушчу тобунун партияга эскертүү берүү чечимин колдоп, бирок партияны шайлоодон четтетпөөнү суранды.
 
БШКнын төрайымы Нуржан Шилдабекова партия өз талапкерлери үчүн жооптуу экендигин белгилеп, партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгарууну сунуштады.
 
Маматалиев өз кезегинде БШКнын мүчөлөрүн партиядан Ош шаардык кеңешине шайлоого талапкерлердин тизмесин алып салуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү суранды.
 
 Талкуунун жыйынтыгында БШК мүчөлөрү Маматалиевдин билдирүүсүн кабыл алып, «Ынтымак» партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузган учурларда аракетсиздикке жол берилбестиги жөнүндө Ош АШКны эскертүү жөнүндө токтом кабыл алышты.
 
Партия Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышат.
 
11-июлда Ош жана Бишкек шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter