У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Кумтөр Голд” алтынды сатуудан түшкөн каражат боюнча түшүндүрмө берди

 
“Кумтөр Голд” компанияга убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден бери өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн каражат тууралуу түшүндүрмө берди.

Ишкананын расмий сайтына чыккан маалыматка караганда, бул убакыт аралыгында 44 миң унций (ред: 1 тонна 247 килограммдан бир аз ашыгыраак) алтын сатылды. Анын жалпы баасы 82 миллион 234 миң доллар болду. Анын ичинен 41 миллион 952 миң доллар өндүрүштүк чыгымдарга кетип, дүң киреше 40 миллион 282 миң долларга жетти. Бул боюнча “Кумтөр Голддун” убактылуу тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк да комментарий берди.

“Биз 40 миллион доллардан (ред: 40 миллион 282 миң доллар) ашык таза пайда көрдүк. Ал акча менен апрель, май айларында төлөнбөй калган карыздарды жаптык. Май айында керектүү тетиктерди сатып алууга мүмкүнчүлүк болду. Андан тышкары айлыкты да убагында бердик. Финансылык жактан азыр жакшы элебиз”.

Буга чейин “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизилгенден кийин өндүрүлгөн алтынды сатуудан түшкөн таза киреше 40 миллион 282 миң доллар экени айтылган. 44 миң унций алтын жалпы канчага бааланганы тууралуу толук маалымат берилбегени коомчулукта суроо жараткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter