У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранышты


 Жогорку Кеңештин 81 депутаты мурда спикер, ЖКнын депутаты  Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранды. Алар кайрылууну Бишкек шаардык сотуна жолдошкон. Бул тууралуу Жээнбековдун жактоочусу Давран Касымов билдирди.

Кайрылууда эл өкүлү учурдагы депутат Асылбек Жээнбековду камоодо Конституциянын 78-беренеси тергөө жана көзөмөл органдары тарабынан одоно бузулганы белгилеген.

78-беренеге ылайык, депутат  кылмыш болгон жерде кармалбаса аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга парламенттин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жол берилет.

Ошондой эле депутаттар эл өкүлү парламенттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу айткан пикири үчүн же парламенттеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтуктала албай турганын айтышты.

УКМК Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө. Июнь айында ЖКнын депутаты Төрөбай Зулпукаров менен мурдагы депутат Исхак Пирматов эки айга камакка алынган. Соттун чечими менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, парламенттин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков жана биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев камакка алынды. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter