У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттин саясатына каршы саясат! Төрт пайыздык ипотекалык программага эмнеге бут тосулуп жатат?


Мамлекеттик ипотекалык компания башчысы Аида Төлөгөнованын ишмердүүлүгүнө бут тосуулар башталды. Кечээ жакында эле «Менин үйүм — 2021-2026» программасынын негизинде бюджетниктерге 4 пайыздык 15 жылдык мөөнөт менен ипотекаларды берүү боюнча программа иштелип чыгып, ал жалпы элдин колдоосуна арзыган. Эми ошол жалпы эл күткөн жеңилдетилген арзан ипотекалык программа Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго келип такалып турат.

Президенттик администрациядан бут тосуп жаткан Азат Узаков деген эски бийликтин да, жаңы бийликтин да тилин тапкан, президенттин аппаратында Транспорт жол курулуш жана коммуникация тармагын тейлеген бөлүм башчы. Бул жигит президенттин саясатына түздөн-түз каршы чыгып, МК төрагасы Марипов менен президент Садыр Жапаровду бири бирине каршы коюу планы менен иш алып барып жатканы байкалууда.

Президенттин арзан жана жеңилдетилген ипотека боюнча айтканын куру сөз боюнча калтырып, аны жалпы элдин астында эки жүздүү көрсөткүсү келип жатабы? Марипов мырза Азат Узаковдун кеңештерин укпай, өз алдынча чечим кабыл алыш керек. Болбосо тээ илгери Шайыкованын түбүнө жеткендей, Узаков Мариповдун, анан барып Садыр Жапаровдун түбүнө жетип коюшу мүмкүн. Болбосо жалпы эл күтүп, Президенттин айтканына ишенип үмүт артып турганда, анын саясатына каршы чыгып, элдин үмүтүн өчүрүп жатышканын кандай түшүнсө болот?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter