У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанга келген тикелей инвестиция 24,4 пайызга азайды, инвестициянын чыгып кетүүсү 16% көбөйдү


2021-жылдын январь-мартында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түз чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 24,4 пайызга кыскарды жана 112,1 млн. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, соңку жылдары Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү түшүп кетти. 2020-жылы тикелей инвестиция 477 миллион 625 миң долларды түзгөн. 2019-жылы бул көрсөткүч 1 миллиард 76 миллион доллар болгон.

Тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу, бардык түзүүчүлөрдөн келип түшүүсүнүн  төмөндөгөнү белгиленди,  резидент эместерден  алынган кредиттерден башка, алардын көлөмдөрү 3,3 эсеге көбөйдү.

Тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (91 пайызга жакыны) геологиялык чалгындоо ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу,  иштетүү өндүрүш ишканаларына, дүң жана чекене соодага, ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого – 7,4 эсеге көбөйдү, пайдалуу кендерди казуу - 3,1 эсеге, дүң жана чекене соодага – 18,1 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта иштетүүчү өндүрүштук  ишканаларына инвестициялар  – 7,7 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 2,9 эсеге төмөндөдү. 

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2020-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 28,3 пайызга кыскарды.

2021-жылдын январь-мартында 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 16,0 пайызга көбөйдү жана 479,1 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге, чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 367,0 млн. долларга ашты. 



Пикир калтыруу
  • Pxanoa
  • 25-11-2022, 21:23
  • : 21:23
    • Нравится
    • 0
order levaquin 500mg pills order levofloxacin 500mg pill
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter