У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токтогул ГЭСи токтоп токтоп калышы мүмкүн. Кыргызстандын энергетикалык тутуму чоӊ коркунучта…


Кыргызстандын энергетикалык тутуму чоӊ коркунучта экенин бүгүн тегерек столдун жүрүшүндө Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Бакыт Сыдыков билдирди.
 
"Эгерде сиз кырдаалды турукташтыруу боюнча чечкиндүү чараларды көрбөсөк, анда Кыргызстандын энергетикалык тутуму кыйрап, Токтогул ГЭСи токтоп калышы мүмкүн", - деди Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Бакыт Сыдыков.
 
Анын айтымында, бүгүнкү күндө энергетика тармагындагы кырдаал оор деп бааланууда. Бул Токтогул суу сактагычындагы суунун аз көлөмү, ички керектөөнүн өсүүсү, көмөкчү чордондорго күч келип жатканы жана жабдуулардын канааттандыраарлык эмес, эски абалы менен байланыштуу болуп жатат.
 
“ Узакка созулган социалдык-экономикалык кризиске кабылышыбыз мүмкүн. Акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан тармакты экономикалык жөнгө салуу саясаты кырдаалды ого бетер курчутту. Суу-энергетикалык чөйрөсү оор абалда. Токтогул ГЭСи экстремалдык режимде иштеп жатат», - деди Бакыт Сыдыков.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter