У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд куб метрди түздү


     21-майга карата Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 9 миллиард 837,04 миллион куб метрди түздү. Бул "Электр станциялары" ААКтын маалыматында айтылат.
 
Бир ай ичинде суунун көлөмү 1 миллиард 200,5 миллион куб метрге көбөйгөн. Суунун агып кириши көбөйүүдө, бирок суунун агып чыгуу агымы болжол менен ошол эле деңгээлде калууда.
 
"Токтогул суу сактагычындагы суунун көбөйүүсүнө Нарын дарыясынын жогорку агымындагы кардын жана мөңгүлөрдүн активдүү эрип жатканы себеп болууда", - деп түшүндүрдү "Электр станциялары".


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter