У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаров: «Centerra Gold» компаниясы Бишкекке бир дагы кеӊсе курган жок


Компаниянын дивиденддик саясатына байланыштуу Кыргызстан «Centerra Gold» компаниясынын акциялары боюнча күтүлгөн кирешени алган жок. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Кумтөрдү текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.
 
“Центерра Голддун жогорку жетекчиликчилигинин төлөмдөрүнө кеткен жылдык чыгымдары 8,3 миллион долларды түздү. Компания Торонтодогу кеңсесин кармоого жылына 30-32 миллион доллар сарптайт. Алар Бишкекте бир дагы кеңсе курушкан жок», - деди эл өкүлү.
 
Ал белгилегендей, Thompson Creek сатып алуудан улам, Кыргызстан акциялардын 6 пайызын жоготкон. 
 
“2019-2021-жылдарда компаниядагы Кыргызстандын акциялары 33,3 пайыздан 26,1 пайызга чейин төмөндөгөн. Акциялардын жоготуусу 7,2 пайызды түзгөн. 2016-жылдан бери Кыргызстандын акциялары тынымсыз төмөндөп жатат», - деди Акылбек Жапаров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter