У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаңы дайындалган Билим берүү жана илим министри ким? Кандай иштерди аткарган?


Жаңы дайындалган Болотбек Купешев кандай кызматтарда иштеген? Өмүр таржымалы менен таанышып алыңыздар.

Болотбек Купешев 1959-жылдын 25-октябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Соколовка айылында туулган.
Билими: жогорку, 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн, адистиги: орус тили жана адабияты мугалими.
Эмгек жолу:
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызмат ордуна дайындалганга чейин – Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Түндүк региондору департаментинин жетекчиси;
2009-2010 – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
2008-2009 – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары;
2007-2008 – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары – аппарат жетекчиси;
2005-2007 – Бишкек шаарынын Олимпиадалык даярдык борборунун Олимпиадалык резерв мектебинин инструктор-методисти;
2004-2005 – Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;
2002-2004 – Бишкек шаарынын Герман Гмайнер атындагы SOS орто мектебинин директору;
1996-2002 – Бишкек шаарынын № 69 мектеп-гимназиясынын директору;
1991-1996 – Бишкек шаарынын № 36 орто мектебинин директору;
1989-1991 – Фрунзе шаарынын № 69 орто мектебинин директорунун орун басары;
1986-1989 – Кыргызстан Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун Фрунзе шаардык комитетинин бөлүм башчысы;
1980-1986 – СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда окуган;
1978-1980 – Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1976-1978 – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Дзержинский атындагы совхозунда ар кандай жумуштарда иштеген.Жетишкендиктери:

1990-1995 – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук кеңешинин депутаты болгон (эки жолку чакырылышта);

1999-2004 – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон;
2000 – Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин I съездинин делегаты болуп шайланган;
1992-1993 – «Мыкты директор» наамына татыктуу болгон;- «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы ыйгарылган, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган.

Квалификациясын жогорулаткан:
1996 – Венгрияда өткөрүлгөн семинарга;
1996 – Эстонияда өткөрүлгөн конференцияга;
1999 – Латвияда өткөрүлгөн конференцияга;
1991 – РИОдо уюштурлган курстарга;
2000 – КИОдо уюштурулган курстарга;
2003 – Түркия, Кипрде уюштурулган курстарга;
2009 – Чехия, Японияда өткөрүлгөн конференцияларга;
2012-2017 – Польша, Япония, Казакстанда өткөрүлгөн окуу курстарына катышкан.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter