У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажик-кыргыз чек арасы жана таш боор логика


Тажик-кыргыз чек арасы жана таш боор логика
(же эмне үчүн "таш" түшкөн жеринде оор?)
Өткөндө аткезчилик бюджетке гана эбегейсиз чыгаша келтирип тим болбостон, өлкөнүн стратегиялык кызыкчылыгына да оңбогондой зыян тийгизээрин жаздык эле. Бир топтору сынга алып, айрымдары "Раимден башкасын деле камап кыйратып жибергилечи" деген мааниде жаман көрүшкөн. Жакында чыккан кыргыз-тажик чатагы аткезчиликтин, айрыкча мунай аткезчилигинин стратегиялык зыяны канчалык зор экенин даана көрсөттү. Бирок бул жолу кеп Райымбек Матраимов жөнүндө эмес. Азыркы учурда андан алда канча таасирдүү адамдар бар. 
 
Күйүүчү май аткезчилиги жана тажик экономикасы
Тажикстанга бара турган күйүүчү майдын бир топ бөлүгү Кыргызстан аркылуу өтөт. Анын аткезчилик жолу менен ташылып жатканын Баткендеги жергиликтүү тургундар жалпыга маалымдоо каражаттарына айтып эле келатышкан. Анткени бул тажик тарапка каршы колдонула турган абдан мыкты рычаг экенин алар да абдан жакшы түшүнөт. Күйүүчү майдын баасы экономика үчүн кумулятивдик таасирге ээ экендигин жазганбыз. Бензин же солярка 1 сомго кымбаттаса азык-түлүк жана башка товарлар андан алда канча көп кымбаттайт. Демек тажик экономикасын чөгөлөтүп кое турган куралдардын бири кыргыз тараптын колунда турат. Тескерисинче, напсини тыйбаса тажик тарапты күчкө толтура турган да рычаг ушул. Ушуга байланыштуу бир топ кызыктуу жагдайлар бар. 
 
Камчыбек Ташиев жана мунай өндүрүмдөрүнүн бизнеси
Камчыбек Ташиев 1995-жылдан 2000-жылга чейин "Томас" өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын башкы директору болуп иштегени биографиясында расмий жазылып жүрөт. Анын бир катар май куюучу станциялары болгону да белгилүү. Салыштырмалуу жакында эле, 2019-жылы 10-майда Жалалабаддагы мунай базасында чоң өрт чыкканда ал ишкана "Томас и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү экенин Sputnik.kg сайты жазып чыккан. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда анын теңшерик түзүүчүсү катары Казыбек Кыдыршаевич Ташиев көрсөтүлгөнү белгиленген. Ал эми маалымат базасында "Томас" ЖЧКсы бар экени, анын түзүүчүсү жана жетекчиси Каныбек Ташиев экендиги да көрсөтүлгөн. Демек, мунай өндүрүмдөрүнүн бизнеси Камчыбек Ташиевге чоочун эмес. Ал тургай мунай базасындагы өрттү өчүргөндөргө Камчыбек Ташиев ыраазычылык билдиргенин өзү деле танбаса керек. 
 
Айтмакчы, анын досу, азыркы президент Садыр Жапаров өзү да 2002-2005-жылдары Балыкчыдагы мунай иштетүүчү чакан "Нурнефтегаз" ишканасынын заводунун башкы директору болуп иштеп калган жайы бар. 
 
 
Камчыбек Ташиев жана УКМКнын узарган укуругу
Былтыр октябрда бийлик алмашкандан кийин көп өтпөй эле Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды. 2020-жылы 14-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматы УКМКнын карамагына кошулду. Ырас, мындай практика жаңылык деле эмес. Өзбекстандын, Тажикстандын, Орусиянын жана Казакстандын чек ара кызматтары деле улуттук коопсуздук органдарына карайт. Бирок кыргыз УКМКсында былтыркы октябрь окуяларынан кийин андан башка да функциялар топтолду. Коррупцияга каршы күрөш кызматы ошол бойдон мекеменин карамагында калды. Андан тышкары УКМК ИИМ жүргүзө турган кылмыштуулукка каршы күрөшкө да аралашып, кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевди кармоо операциясын өткөрдү. Баарынан кызыгы УКМК кийинки убакта аткезчиликке каршы күрөш иштери менен алектенүүнү күчөттү. Бул иштер түздөн-түз милдетине кирген Мамлекеттик бажы кызматынын аты-жыты анча угулбай калды. Аткезчиликке каршы күрөшкө УКМК активдүү кураторлук кыла баштады. Ал тургай 26-марттагы брифингде Камчыбек Ташиев Тажикстан менен чек ара маселеси толук чечилмейинче аткезчилик толук токтотула турганын билдирди. Демек, аткезчилик менен күрөшкө УКМК кыйла таасир этип жатканы ушундан эле билинип турат. 
 
Айтмакчы, мындай шартта аткезчилик менен күрөш иштерине Камчыбек Ташиев жетекчи болуп келгенден кийин УКМКнын карамагына кирген чек ара түзүмдөрү да тыгыз байланыштуу. Анткени мыйзамсыз товарлардын баары чек арадан өтөт же кармалат. 
 
Эл аралык практика жана Кыргызстандын реалдуулугу

Дүйнө жүзүндө күч түзүмдөрү калкалабаса аткезчилик кеңири масштабда жашай албайт. Ушундан улам күч түзүмдөрүнүн кайсынысы эң таасирдүү болсо конкреттүү аткезчилик каналдарына ошол орган гана монополиялык, коопсуз шарт түзүп берүүгө логикалык мүмкүнчүлүгү бар. Бул ошол органдын тазалыгына же коррупцияга малынганына көз каранды. 
 
Башка мамлекеттерде бул маселени бийликти туура бөлүштүрүү, соттордун өз алдынчалыгы, жарандык коомдун көзөмөлү, функцияларды так ажыратуу сыяктуу принциптер менен чечкенге аракеттенишет. Мурда кеп болгондой, көп мамлекеттерде атайын кызматтар чалгын, контрчалгын жана мамлекеттик түзүлүшкө каршы иштердин алдын алуу сыяктуу спецификалык, терең интеллектуалдык даярдыкты талап кылган иштер менен алектенишет. Экономикалык кылмыштар алардын функцияларына кирбейт. 
 
Бирок Кыргызстанда ушу тапта УКМК экономикалык кылмыштуулук менен күрөш жаатындагы иштерде эң таасирдүү орган. Анын Коррупцияга каршы күрөш кызматына атаандаш болуп функциясын талашчу Финансы полициясын бийлик жоюп салган. Демек, бул багытта УКМКнын табигый институционалдык атаандашы да жок, төрт тарабы кыбыла. 
 
Маалыматтын учугу Тажикстан менен Орусияда

Ушу тапта кайсы фирмалардын мунай өндүрүмүн ташыган автоунаалары кармалып, кайсы фирмалардыкы кутулуп кетип жатканы тууралуу эч кандай маалымат жок. Алардын артында кайсы саясатчылар турганы да расмий айтылбайт. Ал тургай эгерде кайсы бир саясатчынын каналдарына монополиялык жол ачылган болсо да кыргыз тараптан так далилдеп бериш кыйын. Бирок аны документалдуу түрдө ийне-жибине чейин так биле турган эки мамлекет бар, алар - Орусия менен Тажикстан. Орустар кимге сатканын билет, тажиктер кимден алганын билет.  Демек, кыргыз саясатчыларынын кимиси бул иш менен шугулданып жатканы аларга бештен белгилүү. Ким калкалап жатканы андан бетер. 
 
Акыркы окуялар Дүйшөмбү шаарында ЖККУнун жыйыны өтүп жаткан учурда башталганы көбүн адегенде таң калтырды. Анысы аз келгенсип адаттагыдай эле бийликтин сөзүн сүйлөгөн орус ЖМКлары бир ооздон бул окуялар үчүн кыргыз тарапты күнөөлөп киришти. Ушунун өзү Дүйшөмбү менен Москванын ортосунда координация бар экенин ачыкка чыгарып койду. Адатта координация болгон жерде маалымат алмашуу да болот. Алардын арасында чалгын маалыматтарынан тартып конкреттүү саясатчыларга каршы компроматтарга чейин болушу мүмкүн. Эгерде андай болсо кыргыз саясатчыларынын кимисинин бети ачылып калышы мүмкүн экенин тажик тарап да, орус тарап да беш колдой билет. Согуш шартында каршылаш тарапка мунай аткезчилигин жүргүзгөн кайсы саясатчы болбосун заматтын ортосунда кыргыз элинин жек көрүндүсүнө айланып, көкбөрү тартылып кетерин да эң сонун түшүнүп турушат. Бул ошол ишке аралашкан адамдарга каалагандай басым көрсөтүүнүн да эң сонун куралы. Тузакка түшүп калган адам кың дей албай калат. 
 
Сырдуу протокол, карама-каршы жооптор жана жоопсуз суроолор

Кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийин эки өлкөнүн ортосунда чек араны делимитациялоо боюнча протоколго кол коюлганы жарыяланды. Анын мазмуну ачыкка чыгарылган жок. Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек ара чатагынан кийин кыргыз өкмөтү Баткенде талкаланган үйлөрдү Тажикстандын кенемтесине эмес, өз каражатына саларын билдирди. Баарынан кызыгы, бир эле интервьюнун алкагында бийлик тажик тараптын чагымы даярдалып жатканын билгенин айтса, башка жеринде эч ким билген эмес деген мааниде сөз сүйлөдү. УКМКнын жетекчисинин түздөн-түз милдети болгон чалгын кызматы эмне үчүн каршылаш тараптын даярдалып жаткан аракеттери тууралуу маалымат бербегени, берилсе эмнеге жетиштүү чара көрүлбөгөнү бүдөмүк бойдон калды. Кандай себептерден улам жок дегенде тажик тарап сыяктуу аялдар менен балдар кооптуу зонадан чыгарылбаганы айтылган жок. Кыскасы Ташиевдин тажик тарап менен жолугушуусунан кийин ушундай бүдөмүк жагдайлар ого бетер күчөдү. 
 
Ушунун баары - ачык маалымат булактарында, расмий маалыматтардын негизинде, тараптар өздөрү да танбаган нерселер. Учурда анын баары УКМКга айтылган сын пикирлерге негиз болууда. Аларга ынанымдуу жооп айтыла элек. Бирок бул жолу кеп сын пикирлерде эмес. 
 
Бизди кызыктырганы - жогоруда айтылган жагдайлар бири-бирине канчалык тыгыз байланышканы, чек ара чырына жана чек араны делимитациялоо маселесинин жүрүшүнө канчалык таасир эткени. Өлкөдөгү өтө таасирдүү адамдын бул иштеги жүрүштөрүнө байланыштуу кызыкчылыктар кагылышына, каршылаш тарапка болгон жеке көз карандылыкка жол берилгени же берилбегени. Кокус байкабай талуу жерден алдырып алган болсо, жок эле дегенде кемчилигин оңдоп кеткенге дагы эле мүмкүнчүлүктөр бар. 
 
Туура түшүнгүлө. Биз эми эч кимге сокур ишенүүгө милдеттүү эмеспиз. Сокур ишенип жүрүп ушу күнгө жеттик. Далай жолу оозубуз ушунчалык күйгөндүктөн айранды үйлөп ичмек тургай балмуздакты муздаткычка коюп жей турган болуп калдык. Майда-барат иштер болсо да бир жөн. Күн тартибине мамлекеттик маанидеги маселелер коюлуп отурат. 
Ал эми сөз болуп өткөн фактылардын негизинде тиешелүү жыйынтык чыгарып алуу коомчулуктун өз колунда. 

Жыргалбек Касаболот


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter