У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөн районун тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо максатында митингге чыга тургандарын билдиришти


Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо үчүн мөөнөтсүз митинг жарыялашты. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, бир күн мурун айыл тургундары суу сактагычка үч боз үй тигишкен. Алар суу сактагычты Өзбекстанга бербешин талап кылышууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.  
 
Эске салсак, өткөн жумада Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары мөөнөтсүз митингге чыгышкан. 19-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев алар менен жолугушуп, суу сактагычтын айланысынан 50 гектар эмес 20 гектар жер берүү боюнча Ташкент менен сүйлөшүп көрүүнү убадалаган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter