У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Электр энергиясына болгон жаңы тариф 2021-жылдын август айында бекитилиши мүмкүн


 Жаңы тариф саясатын иштеп чыгууга жана аны кабыл алууга 2021-жылдын августуна чейин убакыт бар. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. 
 
Анын айтымында, бүгүнкү тарифтик демилгелер сайтта коомдук талкууга коюлуп, ар бир жаран өз сунуштарын айта алат. Алардын бардыгы иштетилип, эске алынат, айрымдары кабыл алынат.
 
«Коомдук талкуудан кийин гана долбоорлор өкмөттүн бекитүүсүнө сунушталат. Жаӊы тарифтерди бекитүүгө август айына чейин убакыт бар”, - деди Кубанычбек Турдубаев. 
 
Министр кризистен чыгуу боюнча программа иштелип чыккандыгын белгиледи. Ал энергияны үнөмдөөгө негизделген. Ошол эле учурда, ал эгемендиктин бардык жылдарында энергетикалык тармакты саясий инструменттер менен жөнгө салууга аракет кылышканын белгиледи.
 
«Бүгүн биз саясий жөнгө салуунун натыйжасын көрүп жатабыз. Биз бул тармак иштеши жана өнүгүшү, экономиканын локомотиви болушу үчүн, кырдаалды өзгөртүүгө биринчи кадамды жасап жатабыз », - деп жыйынтыктады ал.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter