У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мас болуп милицияга кол көтөргөн Жогорку Кеӊештин кызматкери иштен алынды (видео)

Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Эрнест Молдошев мас абалында Патрулдук милициянын кызматкерине баш ийбей, кол көтөрдү.

Окуя 25-мартка караган түнү болгон. "Toyota Land Cruiser" үлгүсүндөгү Машинанын айдоочусу милиция кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей, из жашырууга аракет кылган.

Машинаны токтоткондо анын айдоочусу Жогорку Кеңештин кызматкери Эрнест Молдошев экендиги жана ал мас абалында болгону такталган. Маалыматка караганда мас айдоочу мыйзам талабына баш ийбей, милиция кызматкерине кол көтөргөн. Натыйжада милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, 26-мартта Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.

Натыйжада, Молдошев иштен алынганы маалым болду. Жабыркаган милиция больницада дарыланууда…

Эрнест Молдошев - Чек ара кызматынын мурдагы башчысы, генерал-майор Замир Молдошевдин уулу. Замир Молдошев президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар деп 2012-жылы соттолгон.
View this post on Instagram

2020-жылдын 24-мартынан 25-мартка караган түнү, ЖКнын Тышкы иштер, коргоо жана коопсуздук комитет бөлүмүнүн башчысынын орун басары Молдошев Эрнест Замирович патрулдук милициянын инспекторун сабап, мас абалында Toyota Land Cruiser автоунаасын айдаган. Эскерте кетчү нерсе чатак салган шопур Генерал-майор Замир Молдошевдин уулу. Атасынын эрке баласы бир күн мурун арызын жазып иштен кеткен деген маалымат тарады... . @fabula.kg | www.fabula.kg #фабула #ммк #сми #кабарлар #новости #КыргызРеспубликасы #саясат #коом #политика #2020 #шопур #мас #чатак #мыйзамгабашийеби #мыйзамбаарынабирдейби #генералдынуулу #чиновник

A post shared by fabula.kg (@fabula.kg) on



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter