У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду актады


 Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту парламенттин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата козголгон кылмыш ишин кароону аяктады. Буга чейин прокурорлор айыптоону колдоодон баш тартышкан.
 
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов кылмыш курамынын жоктугу үчүн акталды. Мындай чечимди судья Айнура Сатарова чыгарды. Мындан тышкары, сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Сот айыпталуучулардын экөөсүн тең реабилитациялоо укугун күчүндө калтырды.
 
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыратылган. Бардык инстанциялардын соттору аларды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. 2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөткөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter