У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматтан кетпей турганын билдирди


 
Бишкек ШИИББинин башчысы Бакыт Матмусаев кызматтан кызматтан кетпей турганын маалымат жыйынында билдирди. 
 
Анын айтымында, азыр Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы тарабынан текшерүү жүрүүдө.
 
«Мен бул иштин бетин ачышым керек»,- деди Бакыт Матмусаев.
 
27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен уурдалган. Эки күндөн кийин анын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадан табылган. 
 
Өз учурунда издөө иштерин жүргүзбөгөн милиция кызматкерлеринин шалаакылыгына коомчулук тарабынан сын пикирлер айтылып, Ички иштер министрлигинин жетекчиси менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter