У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанар Акаев: Борбордо жашоо өзү кооптуу болуп калды, түрмөлөрдөн кылмышкерлер улам амнистия менен чыгып жатат

 
Айзаданын өлүмү бүт өлкө үчүн трагедия. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. 
 
«Маңкурттардын зордук менен кызды ала качкан видеосу эки күн мурун желдей тарады, машиненин номери даана көрүнүп турат, кызды уурдоо фактысына ыкчам чара көрүлүш керек эле! Бирок бүгүн гана милиция жергиликтүү чабан телефон чалганда араң барыптыр, ага чейин ыкчам жетип барып, гүлдөй өмүрдү сактап, зөөкүрлөргө жаза берип, аны көргөндөр экинчи мындай кылмышка баралгыс болушу керек эле. Коопсуз шаар бул бир эле айыппул үчүн эмес, жарандардын коопсуздугу үчүн биринчи кезекте! Дегеле керек болсо борбордо жашоо өзү кооптуу болуп калды, уурулук, тоноо кескин күчөдү, табылбайт көбү. Түрмөлөрдөн кылмышкерлер улам амнистия менен чыгып жатат. 
 
Кызыгы, күч органдары бийликке сын айткандарды жердин жети түбүнөн таап чыгасыңар, бийлик болсо генералдык наамдарды тагып жатат бат баттан. Чырактай кыздарды чак түштө өлтүрүп жатса, генералдык наамды көтөрүп жүрүү туурабы? 
Элдин талабын-ЖКда талап кылабыз сөзсүз»,-деди ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter