У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нариман Тюлеев: “Мугалимдерге, дарыгерлерге, маданият өкүлдөрүнө үй бергенди жандандырабыз!”


Бишкек шаарынын экс-мэри, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, “АК БАТА” саясый партиясынын лидери Нариман ТҮЛЕЕВ өз командасы менен Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка ат салышууда. Бишкек шаарынын көйгөйлөрүн чечүү боюнча  “АК БАТА” саясый партиясынын лидери менен маекти сунуш кылабыз.

- Сиз Бишкек шаардык кеңешине жаңы түзүлгөн “АК БАТА” партиясы менен  баратасыз? Сиздин бай тажрыйбаңыз менен башка партия аркылуу шайлоого барсаңыз болот беле?
-“АК БАТА” саясий партиясы 2011-жылы түзүлгөн. Биздин партиянын 2012-жылы шайлоого катышуу планы болгон. Тилекке каршы башка окуялар болуп кетип катышпай калдык. “АК БАТАнын” катарында ар тармактарда иштеп ийгилик жараткан, шаардын проблемаларын эле эмес, аларды чечүүнүн жолдорун билген, сунуш кылып келе жатышкан, шаарга кызмат кылып берсек деп күйгөн жаштарыбыз көп. Ошон үчүн иштери таза, өзүлөрү таза партиянын мүчөлөрүнүн шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу демилгеси менен шайлоого катышып жатабыз. Шаардыктар биздин партияга үмүт артса, туура тандоо болоруна кепилдик берем. “АК БАТА” партиясынын максаты -  сөздү азайтып, көп иштерди аткаруу.

- Эмне үчүн бишкектиктер “АК БАТА” партиясына ишенип шайлоосу керек?
- Азыркы мезгилде эң актуалдуу проблема, кайсы гана тармак болбосун учурда эч ким жоопкерчилик алышпайт. А биздин партия Бишкектин бардык проблемаларын чечүүнүн жоопкерчилигин өз мойнубузга алабыз. Биз борборду өнүктүрүү программасын иштеп чыгып ишке ашырып, ар бир бишкектиктин жашоосун жакшыртууга кепилдик беребиз. “АК БАТАнын” урааны да “Сиздин үмүт – биздин жоопкерчилик!”

- Эгер  “АК БАТА” элдин батасын алып, шайлоодон жеңишке жетсеңиздер, сизди кайрадан мэр катары көрөт экенбиз да. Сиз буга чейин эки жыл үзүрлүү эмгектендиңиз эле. Эсимде калганы, сиз мэр болуп иштеп турганыңызда тарыхта биринчи жолу муниципалдык кызматкерлер, мугалимдерге, дарыгерлерге үйлөр бериле баштады эле. Ошолор тууралуу айтып берсеңиз? Дегеле ошол долбоорлорду азыр жасоого болобу?
Бизде кандай президент келсе деле биринчи милиция кызматкерлерине, сотторго, атайын кызматтардын кызматкерлерине үйлөрдү беришет. Себеби төңкөрүш болсо алар сактап калат деп ойлошот. Алар сактабай, биринчи качаарын канча жолу көрдүк. Анан эле баягы мугалимдер, дарыгерлер каралбай калып жатпайбы. Ковид пандемиясы дарыгерлердин чыныгы абалын көрсөттү го. Маданияттын адамдары да ушу кезге чейин каралбай келүүдө. Ушуларга абдан көңүл бурушубуз керек. 
Алар мен бир кезде кандай көңүл буруп келгенимди билишет. Революция болуп кетип ал план ишке ашпай калды. 
Бирок азыр деле мугалимдер, дарыгерлер, маданият тармагынын өкүлдөрү биздин “АК БАТА” партиясын колдошсо, биз да берген убадабызды аткарып, муниципалдык үйлөрдү  аларга куруп берип, башка муниципалдык кызматкерлерди да үй менен толук камсыз кылып, Бишкекте кезекте тургандарга да турак-жай берет элек.
    Ошондой мамлекеттин карыздарын биз убагында беришибиз керек. Мугалимдер менен дарыгерлерге да ошондой карыздарыбызды берүүгө милдеттүүбүз! Эгер аларды бербесек, бийлик жаман болуп эле кала берет. 

- Кышында абанын булгануусу боюнча Бишкек дүйнөдө алдыңкы орунду бербей турду. Деги Бишкекти каптаган ышты жок кылуунун жолу барбы?
- Бишкекте масштабдуу жашылдандыруу болушу керек. Мындан тышкары вертикалдуу жашылдандыруу бар. Финляндия сыяктуу суук мамлекеттерде да вертикалдуу жашылдандыруу бар, мох, ж.б. бак-дарактар тигилет. Алар тигилсе жайында да, кышында да шаар жапжашыл болуп алардын баары кислород берет. Экинчиден, Россия менен бир келишимге келип, газдын баасын ылдыйлатып, ТЭЦти мазут менен газга тез арада өткөрүшүбүз керек. Бул маселени чечүү шаардын колунан келет. Эгерде кымбат боло турган болсо, дотация кылыш керек. 
Мындан тышкары катализатору жок машиналарды Кыргызстанга киргизбешибиз керек. Азыр жеке үйлөрдүн бардыгы көмүр жагып жатпайбы, “Кыргызгаз” ушул багытта катуу иштеп, мындай үйлөрдүн бардыгын газга өткөрүшү зарыл. Ушул маселелер чечилсе эле ыш жок болот.

- Бишкек чоң кыштакты элестетпей, дүйнөнүн башка борборлорундай болуп качан өнүгөт? Бишкекке качан 40, 50 кабаттуу үйлөр курулат?
- Ачык айтканда азыркы Кыргызстандагы система эл үчүн эмес аткаминерлер, бийлик үчүн гана түзүлгөн. Кичинекей чиновниктен тартып жогорку бийликке чейин ушундай шартка ыңгайлашкан. Мисалы, бизде 13 кабаттан бийик үй куруш үчүн өкмөттүн токтому керек. Эмнеге? Дегеле 40 кабат курулуш курам деген бирөө чыкса сүйүнүп, сал деп шарт түзүп беришибиз керек эле да! Жердин баасы кымбат болуп жатса, борборубуз жалпайбай бийик өссө жакшы болбойт беле! Көрдүңүзбү, бул жерде маселени шаар мэриясы чечпей мамлекеттин өкмөтү чечип жатат. 13 кабаттан өткөн үй салыш үчүн болгон министрликтердин бардыгы менен макулдашып, уруксат берүүчү бардык документтерди алгыча ортодон бир топ жыл өтөт. Ошон үчүн маселени мындай жол менен чечүүдөн кетишибиз керек. 
   
Ооба, Бишкекти өзүбүз кыштак кылдык.Түркиянын борбору Анкараны курчаган жаңы конуштар маселеси кандай чечилген? Мен 2009-жылы иштеп турганда Анкарага барып, биздикиндей жаңы конуштарын кантип бийик кабат үйлөргө көчүргөнү боюнча мэриянын иштери менен кенен таанышканбыз. Болгон документтерин көрсөтүшүп, көп кабаттуу үйлөрдү кантип башташ керектигин баштан-аяк түшүндүрүп беришкен. Бул абдан эле жеңил болот экен. Буга болгону саясый эрк керек. Антпесе ишке ашпайт. Түрктөр деле адегенде  элди жер тамдан кабат үйлөргө чыгарыш кыйын деп ойлошуптур. А жаңы конуштардагы үйлөр топурак менен, сокмо менен салынган үйлөр да. Анан ар бир жашоочу кабат үйлөрдөн жакшы квартираларды ала баштаганда, калгандары да сүйүнүп, топурактан салган үйлөрүн өздөрү түздөп бош жерлерди өткөрүп беришиптир. Ашып кетсе алты-жети жылдай убакыт ичинде түрк бийлиги жаңы конуштардагы 280 миңдей адамды көп кабаттуу үйлөргө көчүрүшкөн. Ошондо укмуш сонун кичи райондор курулуп, азыр Анкарада мелтиреген бийик кабаттуу үйлөр тирелип турбайбы. 
 
Москвада деле “Реновация” программасы менен курулуш жүрүп жатат. Алар илгерки Сталиндин, Хрущевдун убагында салынган эски төрт-беш кабаттуу үйлөрдүн жанына эле 35, 40 кабаттуу бир үй курушуп,  төрт-беш үйдүн жашоочуларын бир үйгө көчүрүп жатышат. Ошондо тиги эски үйлөрдүн ордунан көп жер бошоп жатпайбы. Аларга да бийик кабаттуу үйлөрдү куруп, канча жерди сарамжалдап жатышат. Шаар пирамида түрүндө өсүп жатат. Мисалы, беш үйдүн жашоочуларын бир үйгө батырса, бери жакта беш участок бошоп калууда. Ал жерге дагы беш-алты көп кабаттуу үй тургузуп, аларга дагы он беш-жыйырма эски үйлөрдө жашагандарды батырып, эл болсо ушундай үйлөрдө кубанып жашап жатышат. Эмнеге? Анткени үй жаңы, бир кезде Хрущев салган үй менен азыркы заманбап үйдүн айырмасы асман менен жердей да! Терезелер чоң, ашканасы кенен, ыңгайлуу салынган, залдары чоң. Илгери бир адамга 5 же 7 м2  аянт болушу керек деген ченем бар болчу. Азыр мындай талап жок, үч бөлмө үй бери дегенде 80 же 90 м2  үй болот. Биз деле ушундай жасасак болот. Антпесек, чоң кыштак болуп кала беребиз. 
 
Биз дагы Бишкекти курчаган жаңы конуштардын ордуна бийик кабаттуу үйлөрдү куруп, маселени чечсек болот. Бир жаңы конуштан эле чоң курулуштар башталса, элге да жакшы болмок. Мисалы, бир үй-бүлөдө ата-энеси өзүнчө бардык шарты бар үч бөлмө квартира, бой жеткен баласы эки бөлмө квартира алып калса сонун эле болбойбу! Анан азыр жаңы салынып жаткан кабаттуу үйлөргө, жеке менчик үйлөргө күн батареясын орнотуу талабын коюш керек. Жаңы үйлөр бүтүп, өткөрүп алып жатканда да текшерип алыш керек. Ошол үй күн батареясын коюп өзүн актагыдай шарттарды түзсөк, бул келечек үчүн  жакшы болот. 
Бишкекти курчап турган 47 жаңы конуш бар. Жаңы конуштардын жолдору, жарыктандыруу жана жашылдандыруу проблемалары дайыма чечүүнү талап кылат. 

Кыргызстандын төрт тарабынан элибиз Бишкекке агылып, борборубуз баарыбызды багып жатат. Бишкек дотацияда отурган башка облустарды да багат, мунун натыйжасында өзүндө өнүгүүгө каражат калбайт. Мисалы, Алматы менен салыштырсак, аякта да бир миллион адам, Бишкекте да бир миллион адам жашайт. А бирок Алматынын бюджети бери дегенде 1,5 -  2 млрд. доллар, ал эми Бишкектики ашып кетсе 100 миллион, болбосо 85, 90 миллион доллардын тегерегинде. Биз ошондо жаныбызда турган эле Алматыдан бюджетибиз да, жашообуз да он эсе төмөн туруп жатабыз. Борборубуздун деңгээли да он эсе ылдый түшүп турат. 

- Ондогон жылдар бою Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу боюнча айтылып эле келет, эл аралык донорлор каражат да бөлүшөт. Бирок эмне үчүн ушул кезге чейин завод курулбайт?
- Эгер “Ак Бата” партиясы шааркеңешке шайланып келсе, биз таштанды иштетүүчү заводду курууга сөз беребиз. 
Дегеле Бишкекте болгон суу, коомдук транспорт, жолдор, таштандылар жана башка бардык маселелерди чечүү жоопкерчилигин биздин партия мойнуна алат. 
 Төрт жылдын ичинде ар бир бишкектик бизден миң сомдук эмес, жүз эсе, миң эсе көп пайда көрөт. Ушул эле төрт жылдын ичинде ар бир көчөгө, ар бир бурулушка, ар бир кабат үйлөрдүн балдар аянтына, машина токтотуучу жайына колубуз тиет. Азыр кичирайондорго барсаң, машиналардан адам баса албайт. Машиналардын проблемасын кантип чечиш керек? Мисалы, Москвада жер астында машина токтотуучу жайларды куруп машиналарды ошол жакка киргизип, үстүнө спорт аянтын жасап, жашылдандырып жатышат. Ал жер машиналары жок аймак болуп калууда. Биз дагы ушундай жасасак болот.  

- Бишкектин жолдору чоң көйгөй. Канткенде жол маселесин жалпы чечсе болот? Жакында кызматтан кеткен мэр да монорельс куруу боюнча айтып калды эле, аны түшүнбөй калдык окшойт. Дегеле сиздин оюңузча Бишкекке кандай коомдук транспорт ылайыктуу?
-Монорельс метро деген эле кеп, болгону рельси башкача. Бирок аны куруш үчүн биздин бир жылдык бюджетибиз да жетпейт. 
Автобустарга өзүнчө ортодон жол тилкесин беришибиз керек. Бардык өлкөлөрдө коомдук транспорт ушундай жүрөт. Коомдук транспортту ушинтип чечкенден кийин анан трамвайга өтсөк болот. Трамвай автобуска караганда он эсе кымбат. Ошол эле трамвай метронун милдетин аткарат. А метро трамвайга караганда 100 эсе кымбат турат. Бир эле вагону 350-400 миң доллар болот. Узун автобус 150-200 адамды ташыса, трамвай 700-800 адамды ташыйт. Эми булардын бардыгы комплекстүү чечиле турган маселе. Булардын бардыгын чечкенден кийин коомчулуктан сурап, мисалы, биринчи күнү так сандуу машиналар жүрсүн, экинчи күнү жуп сандуу машиналар жүрсүн деп чечсек да болот. 
    Мисалы, азыр Токтогул көчөсүндө кетип баратсаң, көчөнүн оң жагында да, сол жагында да машиналар турат. Жолдо болгону үч тилке болсо, анын эки тилкеси бош эмес. Ортодо машиналар кыпчылып өтүп жатышат. Машиналар токтош үчүн жол жээктерине өзүнчө “чөнтөкчөлөр” салыныш керек. Шаардын борборунда машина токтотулбашы керек, токтоткондор акча төлөсүн. Москвада шаардын борборуна келип токтосоң, саатына 400 рубль төлөйсүң. Бишкектин борбору машина айдоочулар үчүн эмес, жөө жүргөн шаардыктар үчүн болгону ыңгайлуу. Ушундай түшүнүктөр аң-сезимге сиңсе, анан оңоло баштайбыз. 

- Бишкектин борборундагы автотыгынды чечүүнүн кандай жолу бар?
- Мен азыр жолдорду абдан изилдеп, атайын шаарды кыдырып жүрөм. Шаардын борборунан кичи райондоруна бара турган жолду айланма жол аркылуу кеткидей кылышыбыз керек. Бул көп маселени чечет, Бишкектин борбору машиналардан бошой түшөт. Бул биздин программабызда бар. Чоң айлампа жолду курсак болот. Мисалы, Москвада Садовое кольцо, Бульварное кольцо, Кольцевая жолдору бар. Бизде дагы ылдыйкы зонадан жогорку зонага жетиш үчүн бир саат убакыт кетип калды. Айлампа жолду азыр курбасак, кийин кеч болуп калат. Эгер биздин партия шаардык кеңешке шайланып келип андан ары иштеп калсак, мурда алып келген автобустарды да бир жылдын ичинде оңдоп иштей тургандай кылабыз. 

- Бишкекте жумушсуздук чегине жетип турганын билесиз. Жумуш орундарын түзүү үчүн муниципалдык бийлик бизнеске кандай шарттарды түзүш керек? Шаардык кандай кызматтарды бизнеске өткөрүп бериш керек деп ойлойсуз?
- Бишкектеги чоң жолдордун кесилиштеринин баарын жеке менчикке бекер берет элем. Жөө жүргөн адамдар жолдун асты менен жүргөндөй болмок. Менчик ээлери дүкөн, кафе ресторан салабы, чачтарач ачабы, өздөрү билет эле. 
Айрымдар коомдук транспортту бизнеске бериш керек деп айтышат. Бирок бизнес коомдук транспортту тартып кете албайт, бизнес аны тартып кетиш үчүн жол киренин баасын 20, 25 сомго көтөрүп анан бериш керек. Мындай сумманы элибиз көтөрө албайт. Мисалы, Люксембургда коомдук транспорт бекер. Муниципалитет аны өзү тейлейт. 
 
Мисалы, сиз эртең менен үйүңүздөн ишке чыкканда таза тротуар менен басып, жапжашыл шаарды аралап таза коомдук автобуска түшүп ишиңизге келип, кайра иштен чыкканда таза жолдо ичи таза коомдук транспорт менен үйүңүзгө келишиңизге мен милдеттүү болушум керек. Менин максатым ошол! Анан шаарда дагы көптөгөн активдер бар, ошолорду бизнеске таратып, иштегиле деп шарт түзүп берип, аларга такыр тийишпейт элем. 

Дегеле бизнеске тийишкенге мораторий жарыялаш керек. Мисалы, Финляндияда IT тармагында иштегендер биринчи беш жылда салык төлөбөйт. Бизнес инкубаторлорду түзүп, аларды бак тиккендей эле тигип чоңойтуп багышат. Биз дагы ушинтип бизнести баксак болот эле. Себеби, мамлекеттин болгон кыймыл-аракети ошолор төккөн салыктын эсебинен болуп жатпайбы. Биз салык төлөгөн адамдарга сыйынып, аларды бөпөлөшүбүз зарыл. 

- Бишкекте ден соолугунан кемтилгеси бар адамдардын чөйрөсү бар. Муниципалдык бийлик алар үчүн кандай шарттарды түзүп бериши керек?
- Майыптарга кам көрүү шаардык муниципалитеттин милдети. Алар тендерден ута алышпайт. Майып менен дени сак адамдарды салыштырып болбойт да. Ошол системаны кайра алып келиш керек. Майыптар чыгарган бардык буюмдарды сатып алып, аларга үстөгү жок кредиттерди берип колдошубуз керек. Керебет, парта, стул жасап, шейшеп, жаздык тиккендердин бардыгын тендери жок ала тургандай шарт түзсөк, алардын абалы оңолот.

- Бишкекти 10, 20 жылдан кийин кандай болот деп элестете аласызбы? 
- Элестете алам. Бишкегим жапжашыл, таптаза шаар болсо, борборубузда жашаган адамдардын жүзүнөн күлкү кетпеген бактылуу адамдар болсо деп элестетем. Мисалы, көчөлөрдү техникалар тазаласа, он жылдан кийин автобустардын ордуна трамвай, электр менен жүргөн автобустар жүрсө, жолдорубуз “акылдуу жолдорго” айланса деп элестетем.

- “Ак Бата” партиясынын программасында Бишкекти санариптештирүү боюнча кандай иштер каралган?
- Санариптештирүү иш жүзүндө, чындап шаардыктар үчүн иштей тургандай кылуу зарыл. Биздин партиянын программасында бул боюнча конкреттүү кадамдар камтылган. Бир топ мурда Нью-Йорктун мэри болгон Майкл Блумберг кабинетте эмес, көчөдө жүрүп эле иштечү. Мен да ошентип иштеп, а бирок мэрияга каражаттар кайдан түшкөнүн, кандай чыгымдалып жатканын бүт шаардыктар онлайн көрүп тургандай кылсак, мэриянын иши оңолот эле. Бүгүн каражаттар каякка кетип жатканын түшүнбөйсүң. 

- Сиздин мекенибизге күйгөн меценат экениңизди көпчүлүк билет. Билим берүү тармагындагы социалдык жактан абдан маанилүү долбоор болгон “ЭлМектеп” долбоорун бир топтон бери колдоп келе жатканыңыз бизге белгилүү. Ушул долбоор тууралуу айтып берсеңиз?
- «ЭлМектеп» - бул электрондук күндөлүк жана журнал. Бул система мугалимдерге да, окуучуларга да абдан көп артыкчылыктарды берет. Себеби анда окуу процесси толугу менен автоматташтырылган. Бул долбоор төрт жылдан бери иштеп келе жатат. Эки жыл мурда ушул долбоорду иштеп чыккан жаштар мага кайрылып, долбоорду каржылык жактан колдоп берүүнү өтүнүшкөн. Келечеги бар мындай долбоорду мен колдоп келе жатам. Анткени балдар биздин келечегибиз да. 
Бүгүнкү күндө “ЭлМектеп” долбоору республика боюнча 700 жалпы билим берүүчү мектепти камтыйт. Мектептерге 500 компьтерлер коюлуп, 300 окуу кабинеттерине интернет киргизилген. 

- Ата-энеңиз, балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
- Ата-энем тилекке каршы, каза болуп калышты. Атам ушунчалык кыйын адам эле. Азыр ойлосом, бизге мыкты тарбия берген экен. Кенедей кезибизден бизди эмгекке гана көндүргөн. Бала кезде мени бир мүнөт дагы тынч отургузчу эмес. Мектепте окуп жүргөндө башка балдар дем алышта ойноп, эс алып жүрүшсө, биз таңкы алтыда туруп баш көтөрбөй иштечүбүз. Себеби атам бизге көп жумуш тапшырып коет, аны жасабасак, тил угабыз. Катуу жумушка көп салды, сарайларды бузуп, көп курдук. Атамдын өзүнүн да жаны тынчу эмес. Атам акыркы кезге чейин ден соолугуна карап, чуркап эле жүргөн. Анан менин башыма иш түшкөндөн кийин атам санаага алдырып койду. Атам энемди да жакшы карады, 74 жашка чейин өзү тамак жасап берчү. Өз колу менен тамак берип канышадай эле бакты. Бирок атам өтүп кеткенден кийин энем өзүн таштап койду. Мен энеме канча жалдырап, “алтыным энеке, өзүңдү кармачы” деп тамагын жасап берип канчалык көзүн карасам да болбой, атамдын артынан кете берди. Менин атам, энем ушундай адамдар болгон. 

Өзүмдүн бир тууганым заводдо жетекчи болуп иштейт, бала-чакасы бар. Дагы бир тууганымдан ковиддин айынан ажырап калдым. Алты балам бар. Улуу кызым Назгүл жеңилимди жерден, оорумду колдон алып иштеп жатат. Балдарымдын үчөө иштейт, үчөө мектепте окушат. Кудайга шүгүр, менин байлыгым – балдарым.


 
Заказчик: уполномоченный представитель по финансовым вопросам политической партии «Ак Бата» Т. А. Абдымажимова (регистрационное свидетельство №38 от 22.02.2021). Оплачено из избирательного фонда политической партии «Ак Бата».


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter