У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


№ 19 «Ак Бата» саясий партиясынын Бишкектин эмен бактарын дарылап айыктырууга мүмкүнчүлүгү жетет»


Замирбек Асанбаев - «Ак Бата» саясий партиясынан Бишкек шаардык кенешине депутаттыкка талапкер, кесиби боюнча агроном. Коммуналдык чарба боюнча тажрыйбалуу адис. 

- Өткөн кылымдын 1950-жылдары теректер борбор шаардын жалпы көчөлөрүнө отургузулган. Бүгүнкү күнгө чейин ошол теректер өсүп турат. Шаарда, калк көп жашаган аймактарда теректер 15 жылдан кийин башка бактарга алмаштырылууга тийиш. Бирок Бишкек шаарында отургузулган теректер азыркы кезге чейин шаардыктарга коркунуч жараткан абалга келип калды. Биринчиден, шаардагы бардык теректерди шаардыктардын коопсуздугун сактоо үчүн кыркып салып, алардын ордуна эл баса турган, транспорт жүрө турган жолдорду кеңейтип, архитектуралык ченем менен коммуникацияларга тоскоолдук кылбай турган, кислородду көп бөлүп чыгара турган бак-дарактарды отургузуу зарыл.

- Бишкектеги эмен (дуб) бактарынын ооруганына бир топ убакыт болду. Бул боюнча эмне айтасыз?

- Бишкек шаарындагы эмендерге зыяндуу чымындар (минирующий пилийщик) зыян келтирип жатат. Бишкек мэриясы аны дарылап жатат, бирок натыйжасы жок. Эмен бактары майнаптуу дарыланбагандыктын оору күчөп, Бишкектеги бардык эмендер дартка чалдыкты. Алардын дарты Чүй өрөөнүнө да тарай баштады. Ал гана эмес, алардын дарты башка кара жыгачтарга да өтүп жатат.
Дартты өз убагында эффективдүү дары менен дарылабагандыктан оору жайылып кетти. Себеби зыяндуу чымын жалбырактын ичине кирип жеп, жалбырактын бир бети агарып, ал өспөй калууда.

Эмен өзү миң жылдап өскөн бак, аларды сактап калбасак болбойт. Мурда Алматы шаарынын эмендери да ушинтип ооруган. Алматылыктар убагында туура дарылашып, аны жок кылышкан.

Бизде жылыга эмендерди дарылаш үчүн 21, 22 млн. сом бөлүнөт. Бирок ушул сумма эффективдүү пайдаланылган жок.  Азыркы учурда ооруган эмендерди дарылоо мындан да көп каражатты талап кылат.

“Ак Бата” партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайланып келсек, эмендерди дарылап айыктырууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.
 
Заказчик: уполномоченный представитель по финансовым вопросам политической партии «Ак Бата» Т. А. Абдымажимова (регистрационное свидетельство №38 от 22.02.2021). Оплачено из избирательного фонда политической партии «Ак Бата».
 
Выход: 06.04.2021


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter