У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку Кеӊеште казинолорго уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралат


  Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Жогорк Кеңештин депутаттары Б.С. Турусбеков жана Д.А. Жумабеков тарабынан демилгеленген “Ысык-Көл областынын аймагындагы туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна жана “Кумар оюн иши маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралат.
 
Долбоордун авторлорунун айтымында, казинолорго уруксат берүү менен жумушчу орундарын түзүп, бюджетке киреше алып келсе болот. Ошондой эле кумар оюндары «Тамчы» аэропортунун аймагындагы 1200 гектар жерге курулган атайын жайда гана ойнотулат. Өлкөнүн башка аймактарына кумар оюндарын ойнотууга, казино курууга уруксат берилбейт жана кумарканаларга кыргыз жарандары киргизилбейт.  
 
Долбоорду талкуулоого Экономика жана финансы министринин орун басары, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси чакырылган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter