У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ала-Бука районун тургуну УКМКнын төрагасына «Эл баатыры» наамын берүүнү сунуштады. Ташиев бул сунушка жооп берди


 УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Аксы жана Ала-Бука райондорунун тургундары менен болгон жолугушуусунда айыл тургуну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге «Эл баатыры» наамын берүүнү сунуштады.
 
Эл менен жолгушууга барган К.Ташиев мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө маалымат берди. Суроо-жооптордун жүрүшүндө айыл тургуну микрофонго келип, аткарган иши үчүн УКМКнын жетекчисине ыраазычылыгын билдирип, андан кийин Ташиевге «Эл баатыры» наамын берүүнү сунуштады.
 
Ташиев бул сунушка өз пикирин билдирди.
“Азырынча бул наамга татыктуу эмесмин. Мен дагы иштешим керек.  Мындай сыйлыктан кийин мен иштегенди токтотуп коем», -деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter